Балбандар дзюдо боюнча чемпионатка катышат

Балбандар дзюдо боюнча чемпионатка катышат
17-Окт. 2017, Шейшемби, 11:20

18-22-октябрда Хорватиянын Загреб шаарында дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдешке Кыргызстандан 7 балбан катышат. Алар, Кубанычбек Айбек уулу (55 кг), Баяман Сагынбай уулу жана Асман Акылбек уулу (60 кг), Эртур Турдиев (66 кг) Ишен Аманов жана Адиль Мырзаев (73 кг), Эрлан Шеров 81 килограммга чейинки салмакта.

Мелдеште 87 өлкөдөн 634 спортчу күч сынашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!