Айына спортчулардын стипендиясына 2 миллион сарпталат

Айына спортчулардын стипендиясына 2 миллион сарпталат
18-Окт. 2017, Шаршемби, 12:36

Спортчулардын стипендиясына айына 2 миллиондон ашуун каражат кетет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын экинчи жарым жылдыгында агенттик 227 спортчуга 7 категориянын негизинде стипендия берет.

8 спортчу комиссиянын чечими менен ушул жылдын аягына чейин жогорку категориядагы 45 миң сом стипендия алат.

Жалпысынан экинчи жарым жылдыкта агенттик спортчулардын стипендиясына 12 млн. 666 миң сом коротмокчу. Ал эми спортчуларга ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында 12 млн. 618 сом берилген.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!