Кыргызстандык дзюдочулар Казакстанда өткөн мелдеште алтын жана күмүш медаль утушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Кыргызстандык балбан Сыймык Жапаров 90 кг салмактан жогору категория боюнча биринчи орунду ээлеген. Ал эми Нурсалим Иличбек уулу 73 кг салмакка чейинки категория боюнча күмүш медаль тагынган.
Маалыматка ылайык, мелдеш Темиртау шаарында 18-21-октябрь күндөрү өткөрүлгөн. Ага Казакстан, Россия, Украина, Өзбекстан, Кыргызстан, Армения, Грузия, Греция жана Тажикстандан дзюдочулар катышкан.