Краковецкий дүйнөдө жетинин бири болду

Краковецкий дүйнөдө жетинин бири болду
26-Окт. 2017, Бейшемби, 13:24

Кыргызстандык белгилүү дзюдочу Юрий Краковецкий Дүйнөлүк дзюдо федерациясынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү 7 балбандын катарын толуктады. Бул тууралуу аталган федерациянын сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Краковецкий 100 килограмм салмак категориясында жалпысы болуп 2 миң 26 упай топтоо менен 16-орундан 7-орунга көтөрүлө алды.

Краковецкий ушул жылы эле 2 күмүш, 1 коло жана 1 жолу 5-орунга ээ болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин спортчу Бакуда өткөн Ислам тилиектештигинин оюндарында алтын, Гонконгдо өткөрүлгөн Азия чемпионатында коло байгени утуп, бул көрсөткүч менен спортчу 1720 упай топтоп, дүйнөдөгү күчтүү балбандардын 10-катарына кошулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!