Бишкектеги «Жаштык» жаштар борборунда салттуу ушу боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мелдеш 7 жаштан 20 жашка чейинкилердин арасында өтүп, Бишкек, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облусунан 150гө жакын ушучулар катышты.
Ар бир катышуучу өз өнөрүн көрсөтүшүп, белектер берилди.