​Хоккейчилер Чикагодо жеңишке жетти

​Хоккейчилер Чикагодо жеңишке жетти
5-Дек. 2017, Шейшемби, 13:39

Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШда таймашты жеңип алышты. Бул тууралу Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулайманов өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.

Кыргызстандын Улуттук курама команда Чикаго шаарында 1-5-декабрда өткөн “Barrington Ice Arena” таймашына катышып, 4 оюн өткөргөн. Ал эми финалдык бештеште башкы байгени утуп алды. Финалда алар “Ice Dogs” командасын 7:8 эсеп менен утушту.

Barrington Ice Arena таймашы 9 жашка чейинки балдар арасында өткөрүлөт. Ага АКШ, Канада жана Кыргызстандан балдар катышышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!