АКШдан кайткан хоккейчилерди мэр өзү тосуп алды (фото)

АКШдан кайткан хоккейчилерди мэр өзү тосуп алды (фото)
8-Дек. 2017, Жума, 12:02

Кыргызстандын жаш хоккейчилери АКШда таймашта жеңишке жетишип бүгүн таңкы саат 6:00дө Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жаш спортчуларды Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, КРнын хоккей федерациясынын президенти Анвар Өмүрканов жана спортчулардын ата-энелери тосуп алышты.

Мэр өз сөзүндө спортчуларды мындан ары да ийгиликтерди каалап, жеңиштери менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курама команда Чикаго шаарында 1-5-декабрда өткөн “Barrington Ice Arena” таймашына катышып, 4 оюн өткөргөн. Ал эми финалдык бештеште башкы байгени утуп алды. Финалда алар “Ice Dogs” командасын 7:8 эсеп менен утушуп, алтын байгеге ээ болушкан.

Barrington Ice Arena таймашы 9 жашка чейинки балдар арасында өткөрүлөт. Ага АКШ, Канада жана Кыргызстандан балдар катышышты.

Жеңиш менен кайткан спортчулардын тизмеси:

1. Абдыгулов Асан

2. Алыбаев Камал

3. Али-Аскаров Алихан

4. Болотбеков Эльзар

5. Васильев Артём

6. Давлетбеков Самат

7. Казакбай Алтай

8. Соловьев Данил

10. Сулайманов Нуртемир

11. Эгембердиев Умар

12. Супохунов Таир

13. Амангельдиев Азирет

16. Машыктыруучу (Саламат Тыналиев жана Мустафаев Ринат)

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!