​Эрежесиз эр таймаштагы “Кобра”

​Эрежесиз эр таймаштагы “Кобра”
16-Дек. 2017, Ишемби, 10:13

Кыргызстандын спорт майданында эрежесиз эр мушташ таймашы өз кулачын кеңири жайып бара жатат. Спорттун бул түрү менен машыгып Кыргызстандын намысын коргоп, ийгилик жаратып келе жаткан “Кобра” каймана аты бар Бектур Мангиев менен болгон маекти сунуштайбыз.

Каарманыбыз тууралуу айта турган болсок ал 1989-жылы туулган. Кара-Балтада өскөн, 9 бир туугандын сегизинчиси. Кесиби юрист. Бектур спорттук карьерасында 300гө жакын беттеш өткөргөн. Спорттун Эл аралык чебери. Кик бокс, тай бокс, кол менен мушташуу, карате, кулатуу, ушу саньда жана бирма боксу сыяктуу спорттун түрлөрүндө Кыргызстандын чемпиону болууга жетишкен. 2007-жылдан бери 70 килограмм салмак ченинде Бирма боксу боюнча Евразия чемпиону наамын эч кимге бербей келет. Ошондой эле Бирма боксу боюнча 2014 жана 2016-жылдары Орто Азия чемпиону наамын алууга жетишкен.

Каарманыбыз учурда 21-декабрда Москва шаарында өтүүчү Эл аралык “Mixed Silat” мелдешине кызуу даярдык көрүп жаткан учуру.

-Спортко качан, кандайча келип калгансың?

-Спортко денени чыңдоо максатында эле келгем. Алгач күрөш менен машыгып көрдүм. Күрөштөн жакшы ийгилик жарата алчудай эмесмин деп кик бокска өткөм. 9-класстан тарта кик бокс менен машыга баштадым. Залга келгенден кийин бир жумадан кийин эле машыктыруучум жакында мелдеш өтөт ошого чыгасың деп чыгарып калды. Машыктыруучунун ишенимин актап 16 жашымда кик бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болууга жетиштим. Ошондон тарта өзүмдө ишеним жаралып 11-классты бүткүчө кик бокс, тай бокс, карате, кулатуу, ушусаньда, кол менен мушташуу, жана Бирма боксу сыяктуу спорттун түрлөрүндө Кыргызстандын чемпиону болууга жетиштим.

Эрежсиз эр мушташтын түрү менен машыгып калышыма атам түрткү болду. Ал эрежсиз эр мушташты көп көрөт. Эл катары рингге чыгып атамды кубандыруу максаты болду. Атам ар дайым спортто колдоп келет.

-Спорттогу жетишкендигиң тууралу айтсаң?

-Спорттогу эң жакшы ийгилигим деп Борбордук Азиянын чемпиондук курун алганымды эсептейм. Бул курду алганда 3 күн кучактап жаткам (күлүп). Ага чейин мелдештерде ийгиликтерди жаратып медаль, диплом жана кубокторду алып жүргөм. Борбордук Азиянын чемпиондук курун бир жолу алсам деп тилек кылчумын. Кудайым буйруп тилегиме жеттим. Учурда Борбордук Азия боюнча чемпиондуктун 2 куру, тай бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондук куру жана Бирма боксу боюнча чемпиондук курдун ээсимин.

-“Кобра” каймана атын кайдан алгансың?

- Эрежесиз эр мушташтагы профессионалдык спортчулардын ар биринин өзүнүн каймана аты бар. 18ге толуп алгач профессионалдык беттешке чыгаарда каймана ат тандоого туура келди. Ошондо кобра деген атты тандап ошондон бери “Кобра” аталып калдым. Анда өзүмөн 6 жаш улуу спортчу менен беттешип 40 секундада мөөнөтсүз жеңишке жетип ийгилик жараткам.

-Спорт сен үчүн эмне?

-Спорт мен үчүн биринчи кезекте кыргыз элин дүйнөгө таанытып желегин бийик көтөрүү. Спортто өзүмдүн мисалымда башкаларды дени сак жашоого үндөө. Менден кийинки жаштарды ичимдик менен чылымдан алыс болуп спортту сүйүүгө чакыруу.

-Алдыдагы максаттарың?

-Жакынкы күндөрдөгү максатым 21-декабрда Москва шаарында өтүүчү Эл аралык “Mixed Silat” мелдеште жеңишке жетүү. Учурда аталган мелдешке катышуу үчүн көмөкчү издеп жатабыз. 2018-жылы Малайзияга барып машыгууларды өткөрүп ири мелдештерде өзүмдү сыноо болуп турат.

Спорттогу карьерамды 30-33 жашка чейин улантайын деген ниетим бар. Андан кийин өз кесибимди аркалайм.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!