​Антонина Шевченко Дубайда жеңишке жетти

​Антонина Шевченко Дубайда жеңишке жетти
23-Дек. 2017, Ишемби, 14:06

Мушкер Антонина Шевченко Эл аралык аралаш уруш (ММА) боюнча “Phoenix 4” турниринде жеңишке жетти. Бул тууралуу мелдештин уютуруучулары билдирди.

Маалыматка караганда, аталган беттеш 22-декабрда Дубай шаарында болгон. Бул мелдеште 15 беттеш өткөн. Мекендешибиз Антонина Шевченко 61,2 килограмм салмак категориясында Франциялык Валери Домерг менен кармаш өткөргөн. Калыстардын чечими менен Кыргызстандык спортчу ийгиликке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!