Махмудовго 2 үйдүн сертификаты тапшырылды

Махмудовго 2 үйдүн сертификаты тапшырылды
24-Март 2018, Ишемби, 12:56

Кечээ, 23-мартта Ош облусунун Араван районунда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатын жеңип алган Акжол Махмудовду куттуктоо аземи болуп өттү. Салтанатуу азем Жогорку Кеңештин депутаты Гаипкулов Искендер жана Кубанычбек Нурматовдун демилгеси менен уюштурулуп, Махмудовду “Ош” эл аралык аэропортунан Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанаттуу тосуп алышты.

Кыргызстандын намысын коргогон чемпионду куттуктоо аземине ЖКнын депутаттары И.Гайпкулов, Т.Зулпукаров, А.Акматов, К.Нурматов, Т.Масабиров, У.Примов, А.Арапбаев жана ИИМдин экс министри, “Эркин Күрөш” федерациясынын президенти Мелис Турганбаев катышышты.

Махмудовго Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы жана 50 миң сом акчалай сыйлык, Ош областтык админстрациясы 50 миң сом жана Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун демилгеси менен “Оомат строй” курулуш компаниясынан атынан Акжол уулу Жоомарт Бишкектен 2 бөлмөлүү квартира, Араван районунун атынан Ош шаарынан 1 бөлмөлүү квартира, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулдов “Каганат” патриоттук демилгелерди колдоо фондунун атынан 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Мындан сырткары Араван районунун жеке ишкерлери 1 миллион сомдон ашык акчалай сыйлык беришти.

Азия чемпиону Акжол Махмудовго жакшы каалоо-тилектер айтылып, дүйнө чемпиону болушу үчүн баардык шарттар түзүлөрү убада кылынды.

Белгилей кетсек, 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 72 килограмм салмактагы Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов алтын байге үчүн казакстандык Демеу Жадраев менен таймашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетип, Азия чемпиону болгон. Ал буга чейин уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж) болгон. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!