Бырышка каршы 7 азык

Бырышка каршы 7 азык
29-Март 2018, Бейшемби, 10:47

Бетке бырыштын түшүшү - бул табигый көрүнүш. Бардык адамдардын бетине бырыш түшөт, бирок, кимдир бирөөгө эрте, кимдир бирөөгө кеч. Ал эми бырыштын алдын алуу, анын түшүшүн кечеңдетүү, кыскасы, өзүбүздү канча бир убакка жашартуу - бул өзүбүздүн гана колубуздагы нерсе.

1. Капуста

Жаш көрүнүүнү кааласаңыз, күнүмдүк тамактануу рационуңуздан капустаны үзбөңүз. Француз окумуштууларынын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, бул жашылчанын курамындагы лютеин аттуу антиоксидант бырыштар менен күрөшөт. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн күнүнө 10 мг лютеин, башкача айтканда, 57 г капуста кабыл алуу зарыл.

2. Буурчак өсүмдүктөрү

Соя, маш, гречка, буурчак сыяктуу өсүмдүктөр биздин организмибизде гиалурон кислотасы деп аталган карылыкка каршы затты иштеп чыгат экен. Окумуштуулардын айтымына караганда, адам төрөлгөндө анын организминде бул кислота жетиштүү өлчөмдө болот, ошондуктан, наристелердин терилери жылмакай келет. Жаш өткөн сайын ал азайгандан азая берет, бирок, бул маселени буурчак өсүмдүктөрү чечет. Андыктан, жаштыгыңызды көпкө сактайм десеңиз, болбоду дегенде күнүнө 2 кашык буурчак өсүмдүгүн колдонуңуз.

3.Үндүк эти

Үндүктүн этинде тери үчүн маанилүү болгон карнозин аттуу белок бар. Эгер бетиңизде "каз тамандардын" пайда болуусун каалабасаңыз, жумасына 2-3 жолу үндүктүн этин жеп туруңуз.

4. Кара өрүк

Кара өрүк да организмдин картаюу процессин жайлатуучу азыктардын бири. Кара өрүктүн жаңысынан болобу, кургатылганынан болобу, күнүнө 5-6 даанадан жеп турган адам терисиндеги бырыштардын алдын алган болот.

5. Кызылча

Көз карандысыз диетолог Кэрри Ракстон кызылчаны теринин картаюусуна каршы эң маанилүү азык деп атаган.

6. Зайтун

Жакында эле австриялык изилдөөчүлөр оливка майын ким көп колдонсо, анын ошончолук бырышы аз болоорун далилдешти.

7. Шоколад

Ооба, шоколад тери үчүн эң пайдалуу. Германиялык окумуштуулар какаону пайдаланган соң териге кандын куюлушу жакшыраарын далилдешкен. Ошондой эле шоколад теринин №1-душманы болгон ультракызгылт нурларынан сактайт. Бирок кара шоколад гана мындай касиетке ээ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!