Кыздар үчүн: боюңуз кыска болсо

Кыздар үчүн: боюңуз кыска болсо
30-Март 2018, Жума, 15:04

Сиздер үчүн бою кыска же орточо болгон кыздарга арналган бир нече кеңеш сунуштайбыз. Убагында Наполеон «Менин боюм кыска эмес, болгону өзүнөр өтө узунсуңар» деп жооп берген экен.

Таарынткандар болсо, ар дайым кыз киши жигиттен кыска болуш керек деп айтыңыз. Боюңузду кантип узун көрсөтүүгө болот?

Чындап боюңуздун узун болгонун кааласаңыз, денеге физикалык оорчулук келтирген машыгуулар жасашыңыз керек болот.

Ал эми эгер ал колуңуздан келбесе, төмөндөгү бир нече эрежени эске алыңыз.

- Эч убакта бүкүрөйбөңүз.

Үйдө, сабакка бара жаткан кезде, жумушта отурганда да боюңузду тик кармап жатканыңызга маани бериңиз.

Башкалардын бут кийимин карап жалтактабай, ар дайым алдыңызга караңыз.

Үйдө башыңызга китеп коюп бир аз ары-бери басыңыз.

- Танкетка же болбосо такасы бар бут кийим кийиңиз. Ал эми эгер спорттук стилде кийинүүнү жактырсаңыз, таманында «амортизаторы» бар крассовка сатып алыңыз.

- Чачыңызды төбөңүзгө жайгаштырып түйүп алыңыз;

- Кийимиңизде вертикалдуу сызыктар болсун;

- Этеги узун юбка тандаңыз;

- Муну менен бирге бир түстөгү жана денеге жабышып турган кийимдер бойду визуалдуу түрдө узартат;

- Мындан башка жеңи ¾ жакеттерди кийип, түрдүү моюн орогучтарды салынып алганыңыз абзел;

Сулуу – сулуу эмес, сүйгөн – сулуу демекчи, өзүңүздү кандай болсоңуз ошол абалда жакшы көрүңүз!

Ал эми сизде мындай комплекс барбы?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!