Бет таза болуш үчүн ичеги карын таза болуш керек

Бет таза болуш үчүн ичеги карын таза болуш керек
6-Апр. 2018, Жума, 10:05

Бүгүнкү күндө ар бир кыз сырткы келбеттин ички организм менен түз байланышта экенин билет. Ошол себептен турдүү диеталар менен тамактанууну адистердин пикирлерине кулак салып келишет. Биз да өз кезегибизде сиздерге ушул темага байланыштуу келген кеңештерибиз менен пайдалуу ыкмаларыбызда сунуштамакчыбыз.

Бүгүн сиздер үчүн алардын бирине көңүлдөрүңүздөрдү бөлмөкчүбүз. Бир ай бою эртең менен тамакка өтө пайдалуу «скрабты» кошуп туруңузга тура келет. Бир айдан кийин күзгүздөн чоң ишиңиздин жемишин көрө аласыз.

Бет терисинин түсү, тырмак менен чач жакшырып, ичтеги май «эрип» баштайт.

Курамы: – 5 – аш кашык сулуу улпагы;

– 5 – аш кашык суу;

– 1 – аш кашык сүт (же болбосо 1 чай кашык каймак);

– 1 – чай кашык бал;

– 5 – грек жаңгагы.

Даярдоо жана колдонуу жолу: 5 аш кашык сулуу улпагына түндө 5 аш кашык кайнатылган жылуу суу куюш керек. Муну эртең менен 15-20 мүнөткө коюга да болот. Эртең менен ушул аралашмага 1 аш кашык сүттү же 1 чай кашык каймакты куюп, 1 чай кашык бал аралаштырып, 5 грек жаңгагын кошуу керек. Андан соң баарын жакшылап аралаштырып оозго салып, жакшылап чайноо керек. 3 саат аралыгында эч нерсе ичпей, эч нерсе жегенге болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!