Какачтан кантип кутулса болот?

Какачтан кантип кутулса болот?
10-Апр. 2018, Шейшемби, 11:48

Жаз келип организм азыркы аба ырайына көнгөнчө биздин денебизде бир топ өзгөрүүлөр иммунитеттин алсырашы, стресс, беттин кургашы, безеткилердин пайда болушу жана какач байкалат. Эмесе теринин өлгөн клеткаларынан, тагыраак айтканда какачтан тезирээк кантип арылууга болот?

Чалкандан жасалган маска – какачка каршы күчтүү курал болуп саналат. 1 стакан сууга 3-5 аш кашык майдаланган чалканды салып, 10 мүнөт ысык сууга салыңыз. Андан кийин сууна сүзүп алып, күндө баш терисин сүртүп туруңуз.

4 аш кашык зайтун майын ысык суу ваннасында жылытып алып, жарым лимондун ширесин кошуңуз. Жылуу аралашманы башыңызды жуурдан 2 саат мурда манжаңыздын учу менен баш терисине массаж жасап сүйкөңуз.

Пияз эзилмесин башыңызга сүйкөп, жылуулап ороңуз. 2 сааттан кийин шампунь менен жууп таштаңыз.

2 жумуртканын сарысына жарым лимон шире менен бир нече тамчы кастор майы менен аралаштырып, териге сүйкөп, ороңуз. 1-2 сааттан кийин жууп салсаңыз болот.

1 аш кашык пияз ширеси менен 2 аш кашык арак, 1 аш кашык кастор майын аралаштырыңыз. Баш жуурдан бир саат мурун баш терисине сүйкөп, жылуулап ороңуз.

Кургак чач үчүн: 1 аш кашык кастор майы менен ошол эле өлчөмдө зайтун же башка дагы өсүмдүк майыын жарым лимон ширеси менен аралаштырып, башка сүйкөш керек. Андан соң жууп салыңыз.

Майлу чач үчүн: бирдей өлчөмдө бал, каймак же майонезди, алоэнин ширеси менен лимон ширесин, кастор майы менен эзилген сарымсакты кошуп, аралаштырыңыз. Баш жуурдан жарым саат мурун ушул аралашманы териге сүйкөңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!