Картайбоонун төрт ыкмасы

Картайбоонун төрт ыкмасы
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 10:43

Өң-келбет – ар бир аялдын күзгүсү. Бирок жаштыкты сактап, картаюну алдын алуу кыйын. Ал эми бетти күтүү жөнөкөй ыкмалардан башталат. Ал кайсы ыкмалар десеңиздер көңул буруңуздар.

1.Ысык суу менен муздак сууну кезектетип аралаштырып жууңуз. Температура өзгөргөндө кан айлануу жакшырат. Алгач ысык суу менен жууп, андан кийин муздак суу менен жууңуз. Ушундайча бир нече жолу кайталасаңыз жетиштүү. Бул процедураны эртең менен жана кечкисин кайталоо керек.

2.Механикалык пилинг. Бул өлгөн клеткалардан кутулууга жардам берет. Ошондой эле бетти тазалап, келбетиңизди ачат. Үйдө механикалык пилинг жасоо үчүн скрабты колдонсоңуз болот. Бирок аны жара же безетки болгон териге колдонбогон жакшы.

3.Массаж. Бул процедура беттин булчуң эттерине жагымдуу таасир берет. Бырыштар азайып, тери жумшарып, шишик жоголот. Ал үчүн беттеги массаж сызыктарын билип алыш керек.

Ээктен кулакка карай

Ооздон кулакка карай

Мурундан чекеге карай

Маңдайдан чекеге карай

Массажды баштардан мурун бетиңиздеги баардык боёкторду тазалап, сүртүп салыңыз. Бетиңизде безетки болсо массаж жасоого болбойт

4.Фейсфитнес. Беттин булчуң эттерин активдештирүү үчүн көнүгүү жасоо керек. Ага фейсфитнес жардам берет. Бет гимнастикасын туура жасоо эрежесин билбесеңиз бетиңизге зыян тийгизип алууңуз мүмкүн. Ошондуктан бетке жасала турчу көнүгүүлөрдү алгач тереңирек изилдеп алыңыз. Бетиңизге ботокс же пластикалык операция жасаткан болсоңуз бул көнүгүүлөрдү жасаганга болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!