Бетиңиздеги безетки эмнени билдирет?

Бетиңиздеги безетки эмнени билдирет?
18-Апр. 2018, Шаршемби, 14:54

Бет терисинин белгилүү бир жерине гана кайра-кайра безетки чыга берсе, анда организмде бир оору, туура тамактанбоо жана бетке туура кам көрбөгөндүктөн улам болушу мүмкүн.

Ээктеги безетки

Эгер көп учурда безетки беттин төмөнкү жагынан же ээктен байкасаңыз, милдетүү түрдө эндокринологго көрүнүңүз. Калкан безиндеги жумуштун жана гармоналдык тең салмактуулуктун бузулушу бетте безеткинин пайда болушуна алып келет.

Чачтын түбүнө чыккан безетки

Эгер безеткилер менен кызарган жаралар чачтын түбүнө көп чыкса, теринин кургап кеткендигин билдирет. Ошондуктан, сууну көп өлчөмдө ичиңиз.

Чекеге чыккан безетки

Маңдайга чыккан безеткинин көп чыгышы чачка арналган сапаты жок шампунь менен бальзам күнөөлүү. Себеби алар териге тийип, теридеги майда тешиктерген кирип кетет. Экинчи себеп — беттеги боёкту жакшы тазалабоо. Үчүнчү себеп — скрабтарды өтө кап пайдалануу. Анткени, аларды көп колдонгон учурда теринин коргоогон кабатын бузат.

Эриндин тегерегиндеги безетки

Эгер эриндин тегерегинде безетки көп чыкса, таттуу жана майлуу тамак жегенди азайтыңыз. Ашказаныңыз ушундай жол менен сизге белги берип турат.

Жактагы безетки

Жаакка чыккан безетки көп учурда кир кол менен бетти кармалап колуңуз менен таянганда же телефон менен көп сүйлөшкөндө чыгат. Ошондуктан колго арналган антибактериялык спрей алыңыз.

Т-зонадагы безетки

Т-зонадагы безетки нерв системасынын (стресс, уйкунун канбай калуусу жана башка) түз-дөн-түз белгиси. Ошондуктан эс алууга тырышыңыз же түнү менен интернетте отургандан баш тартыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!