Кулпунай маскасы

 Кулпунай маскасы
10-Май 2018, Бейшемби, 11:39

Кургак беттер үчүн: Жакшы бышкан кулпунайды жакшылап эзиңиз. Пайда болгон боткодон эки чоң кашыкты алып, ага өзүңүз пайдаланып жүргөн жумшартуучу кремден 1 чай кашык жана 1 чай кашык бал кошуңуз. Бул аралашманы бетиңизге 10-12 мүнөт кармап туруп, андан соң бөлмө температурасындагы сууга жууп салыңыз.

Майлуу беттер үчүн: Стакандын төрттөн бир бөлүгүндөгү кефирге бир чымчым туз кошуп аралаштырасыз. Андан соң орточо чоңдуктагы бир нече кулпунайды аласыз. Кулпунайдын ар бирин туз кошулган кефирге малып, бетиңизге коңсуз да, манжаларыңыздын учу менен акырын эзесиз. Кулпунайдын баарын эзип бүткөн соң боткону бетиңизде 10 мүнөттөй кармап турасыз. Андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

Аралаш беттер үчүн: Эзилген 1 чоң кашык кулпунайга бир жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык кефир же йогурт жана бир аз ун кошосуз. 15 мүнөт бетиңизге коюп, андан соң муздак суу менен жууп саласыз.

Бардык типтеги беттер үчүн: Жайында кулпунайдын ширесинен даярдалган бетти сергитүүчү косметикалык муз даярдасаңыз болот. Ал үчүн кулпунайды эзип, ширесин сыгып аласыз. Аны калыпка куюп, муздаткычтын тоңдургучуна салып коңсуз. Пайда болгон муз менен бетиңизди сүртө бересиз.

Кулпунай менен бетиңизди бир күндө эки жолу сүртсөңүз, сепкилдериңиз жана башка тактарыңыздын кеткени байкалат. Ошондой эле бул майлуу беттердеги тешиктерди, безеткилерди жок кылууга да жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!