Лак сүйкөсө организмде эмне өзгөрүүлөр болот?

Лак сүйкөсө организмде эмне өзгөрүүлөр болот?
18-Апр. 2017, Шейшемби

Ар бир аял сулуу болгусу келет эмеспи, ал эми маникюр бул сулуулукту толуктап турат. Бирок, кадимки эле лактын курамындагы химиялык заттар гипотиреоз, гормондордун тең салмакта болушуна терс таасир берип жана ашыкча салмак кошууга алып келет.

Азыркы жашоодо көптөгөн химиялык кошулмалар бар заттарды колдонуп келебиз. Мисалы, шампунь, самын, дезодорант жана косметикалык каражаттардын курамында жасалма заттар бар. Алар гана эмес ичип, жеп жаткан азыктарда да кездешери белгилүү. Биз ушунчалык көнүп калгандыктан бул заттар ден соолугубузга кандай зыян алып келерин да билбейбиз. Алардын бири болгон бул тырмак боёктун курамындагы зыяндуу зат аял кишинин ден соолугуна терс таасир тийгизээри туурасында окумуштуулар аныктап чыгышты.

Тажрыйбага ар дайым тырмактарын лак менен боёп жүргөн 24 аял катышып, алардын канынын курамында токсин бар экени аныкталган. 100 пайыз учурларда лакты сүйкөгөндөн 10 сааттан кийин аялдардын канынын курамында трефинил фосфаты табылган.

Мындан сырткары окумуштуулар 10 белгилүү лак бренддерин да изилдеп чыгышкан. Алардын сегизинен бул зыяндуу токсин табылган. Ошондой эле 8 лактын экөөсүндө бул зат курамында бар деп көрсөтүлгөн эмес. Бул деген көпчүлүк лак колдонгон айымдар ден соолугуна кандай зыян алып келип жатканын билишпейт дегенди түшүндүрөт.

Трефинил фосфат деген эмне жана ден соолукка кандай зыян алып келет?

Бул түссүз зат пластификатор жана антипирен катары көптөгөн каражаттарда колдонулуп келет. Трефинил фосфатдын келтирген зыяндуулугу адамдын эндокриндик системасына таасир берет. Ал ошондой эле зат алмашуу, кайра иштеп чыгуу жана жөнгө салуучу гормондорго таасир этет. Бул багытта изилдөөлөр дагы жүргүзүлүп жатат.

Өзгөчө бул зат тырмак боёкту көп колдонгон жаш кыздарга өтө зыяндуу. Бул калкан бездеринин оорусуна, гормоналдык бузулууга жана ашыкча салмак кошууга алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары трефинил фосфаты нерв системасын бузуп, аллергияны да пайда кылат.

Трефинил фосфаттан сырткары төмөнкү заттар кездешкен баардык лактарды колдонууга болбойт

Формальдегид

Бул сууда-эрүүчү заттардын коркунучтуу канцероген болуп саналат, ошондой эле ал астма жана кургак жөтөлдүн белгилерин алып келиши мүмкүн.

Толуол

Толуол — өтө зыяндуу зат. FDA 1984-жылы анын коопсуздугун карап жана тырмак боёгу коопсуз болот деген жыйынтыкка келген. Бирок тырмак боёк белгилүү бренддердики болгондо гана.

Дагы бир жакшы жаңылык бир нече компаниялар органикалык лактарды иштеп чыгышууда. Алардын курамындагы зыяндуу заттар арган майлары жаратылыш компоненттери менен алмаштырылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!