Фарида Жумакадырова
27-Апр. 2017, Бейшемби
Жылдар эмес, кылымдар бою аялзаты сулуулук үчүн көп каражат жумшап келет. Ушул убакыт аралыгында сулуу болунун арзан жана жеңил жолдору да белгилүү. Тактап айтсак:
- Бетиңизге бырыш түшсө бал сүйкөңүз.
- Уктаар алдында көзүңүздүн айланасына кастор майын сүйкөп жатыңыз.
- Кирпик менен кашка да кастор майын сүйкөгөндү унутпаңыз.
- Бетти тазалоо үчүн жумуртканын сарысы менен лимон ширесин пайдаланыңыз. Экөөнүн аралашмасын бетке сүйкөңүз
- Бетти жуй турган кезде сулуу данынын суусун пайдаланыңыз.
- Бетиңизди безетки басып кетсе, сүргүчтөн өткөрүлгөн алма менен бал маскасын колдонуңуз.
- Бетиңиз өтө кургак болсо, майонез маскасын жасаңыз.
- Бетиңизге тактар пайда болсо бадыраңды сүргүчтөн өткөрүп, бетке сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин тазалап жууп салыңыз.
- Чачты жалтыратуу үчүн бир аш кашык уксусду бир литр сууга аралаштырып чайкаңыз.
- Эртең мененки жуунууда контрасттуу душ кабыл алыңыз: алгач салкын суу, андан кийин жылуу суу. Бул денени сергитип, кан айланууну калыбына келтирет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!