Биз күнүмдүк жашообузда тамак-ашка колдонуп жүргөн сода табылгыс косметикалык каражат экенин барыбыз эле биле бербесек керек. Сода- терибизди тазалап, көркү кеткен терини калыбына келтирип, чачты бекем кылып, табигый көрк берүүчү касиетке ээ. Сода кантип эле косметикалык каражат болуп берсин деп ишене албай жатсаңыз, биздин макалабыз менен таанышып, жашооңузда колдонуп көрүүнү сунуш кылабыз. Жыйынтыгында керемет көрүнүшкө ээ болосуз. Сода-терини кургап, түлөгөндөн сактай турган касиетке ээ. Ошондой эле, теринин саламаттыгына мыкты кам көрүп, өлгөн клеткаларды жок кылат.
Беттин териси үчүн содадан жасалган скраб:
Сода менен балды аралаштырып, бет териңизге сүртүп, 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай табигый скраб, бет териңизди жумшартып жана нымдандаштырып турат. Сода менен сууну аралаштырып, өтө коюу эмес аралашма жасап, бетиңизге сүртүп, бир аз убакыттан соң жылуу суу менен жууп салуу керек. Жыйынтыгында наристеникиндей жылмакай жана агыш териге ээ болосуз. Сода агартуучу касиетке да ээ.
Колдоруңуздун жибектей жумшак болуусун кааласаңыз
Кол-ар бир аялзатынын визиттик карточкасы. Апакай, жибектей жумшак, ар дайым кам көрүлгөн колдор аялзатынын өзүнө кам көрө билгендигинин белгиси болуп саналат. Бирок, аялзаты химиялык каражаттарды көп колдонуп, сууга көп салгандыктан, колдору жагымсыз сезилип, кам көрүлбөгөндөй көрүнөт. Бул жагдайга маанайыңызды чөктүрбөңүз. Колдоруңуздун жагымдуу болушуна сода эң мыкты косметикалык каражат болуп берет. Содага бир чоң кашык балды аралаштырып, скраб жасап колду укалоо менен скрабды сүртүп чыгуу керек. Колду өлгөн клеткалардан арылтып, жашартат. Андан сырткары, колуңуз кургабай жибектей жумшак болот.
Безетки менен кош айтышыңыз
Безетки-эң жагымсыз көйгөйлөрдүн бири. Сулуулугубузду уурдаганы аз келгенсип, айдай жүзүбүзгө тагын да калтырып кетет. Мунун айынан өзүбүздүн келбетибизге берген баабыз да төмөндөйт. Безеткиден калган тактар менен кош айтышкыңыз келсе, лимондун бир нече тамчы ширесине соданы аралаштырып, так болгон жерлериңизге сүртүңүз. Кошумчалай кетчү жагдай, бул скрабды түнкүсүн колдонуу керек. Себеби, лимон кошулган сода күндүн нурунан бетке так калтырышы мүмкүн.
Беттеги кара чекиттерден арылуу үчүн
Апакай жүзгө, жыбырап чыккан кара чекиттер ар бир эле айымга жагымсыздыкты тартуулайт. Кара чекиттерден арылуу үчүн сода менен сүттү аралаштырып, бетиңиздеги кара чекиттер бар жерлерге сүртүңүз. Бетиңизде 15 минута кармап, андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз.
Чачтагы ашыкча майдан арылуу үчүн
Майлуу чачтар ар убак кирдей болуп, эч качан жуулбагандай көрүнөт. Чачыңыз майлуу болуп, күндө жуугандан чарчасаңыз, анда кадимки эле шампунуңузга бир чай кашык соданы аралыштырып, чачыңызда бир аз көбүрөөк кармаңыз. Андан соң чачыңызды таза чайкап салыңыз. Бул ыкманы үзгүлтүксүз колдонсоңуз жыйынтыгы сизди көпкө күттүрбөйт.
Табигый жана эффективдүү дезодрант
Жагымсыз жыттарды жөнгө салууга сода эффективдүү каражат. Денеңизден чыккан тер ыңгайсыздыкты жаратып жатса, жарым чай кашык соданы жуунуп жаткан сууңузга кошуп, денеңизди чайкаңыз. Жыйынтыгы сизди капа кылбайт.