Эртең менен макияжды кантип тез жасаса болот?

Эртең менен макияжды кантип тез жасаса болот?
24-Май 2017, Шаршемби

Эртең менен макияж менен чач жасалгалоого убакыт жетпесе эмне кылуу керек? Анын чечими бар жана ал үчүн уйку жана даамдуу тамактан баш тартуунун кереги жок. Ошону менен бирге эртең мененки жыйналууну тездетүүнүн жана күндө макияжды кантип бат жасаса болоору туурасында билсек.

Макияжды шашып боё кыйынчылык алып келет: бир байкабай жасалган кыймыл үчүн баардыгын кайрадан баштоого туура келет.

1. Тушту кирпикке арналган боёк менен алмаштыруу

Тушту күндө сүйкөбөө жана макияжсыз да узун кирпиктерге кол жеткирүү үчүн кирпикке арналган боёкту колдонууга болот. Бул жөнөкөй ыкманы үйдө да, сулуулук салонунда да жасаса-таасири бирдей болот. Кирпиктердин канык түсү аз дегенде бир-эки жумага же андан да узак убакытка сакталат.

2. Чач үлгүсү жасоо үчүн чачыңызды кечинде даяр кылып коюңуз

Эртең менен башты жууп, чач үлгүсүн жасоого убактыңыз болбосо, бул ишти бөлүп жасаңыз. Башыңызды кечинде жатаар маалда жууп жатыңыз. Эртең менен душка кирерде чачты төбөңүзгө түйүп, жыйнап койсо чач суу болбой нымдашып калат-сизге кереги да ушул. Эми мусс же болбосо спрей сүйкөп, чачты лак гелдердин жардамы менен керектүү үлгүгө жасап алыңыз.

3. Теринин өңүн бир-эки секундада жасоо

Тоналдык кремди шашылыш сүйкөй салууга болбойт. Себеби ал тегиз сүйкөлбөй калат. Бирок ансыз да жүрө албайсыз. Бул маселени чечүү үчүн тоналдык кремдин ордуна сергитүүчү таасири бар, нымдаштыруучу кремди, мисалы, ВВ-кремин пайдаланууга болот. Ал теридеги кемчиликтерди жакшы жаап, нымдаштырып, аны менен бирге теринин түлөп улгайган сыяктуу көрүүнүсүнө да жол бербейт.

4. Макияждагы акценттер

Сулуулук күнүмдүк макияж – милдеттүү турдө косметиканын көп болуусунун натыйжасынан эмес. Визажисттерге терини калыбына келтирип, кемчиликтерди жаап, териге ажар берүү үчүн бир-эки гана курал жеткиликтүү. Эң башкысы – консилер: ал көздүн алдындагы шишикти жана теринин кемчиликтерин жабууга жардам берет. Экинчи-помада: келбетиңизди жаңыртуу үчүн, бир тамчы помаданы жагыңызга сүйкөңүз. Бул ыкманы кесипкөй модельдер көп колдонуп келишет.

5. Чыгууга чейин...

Үйдөн ар дайым дал убактысында чыгуу үчүн будильникти коюуга болот. Бирок туура чыкчу убакытка эмес, мисалы, 10 мүнөт эртерээк. Коңгуроо жыйналуу убактысынын аяктоосун кабар берген белги болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!