Чачты боё зыяндуу экени аныкталды

Чачты боё зыяндуу экени аныкталды
18-Окт. 2017, Шаршемби, 16:30

Мындай корутундуну сүт бези шишигине чалдыккан бейтаптардын оорусу тууралуу изилдеген дарыгерлер чыгарышкан. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги билдирет.

Чачты жылына алтыдан көп боё сүт бези шишигине чалдыгуу кооптулуугун жогорулатат. Бул изилдөөнү Лондондун “Princess Grace Hospital” ооруканасынын дарыгери, профессор Кефан Мокбел айтты.

Дарыгер изилдөөлөрүндө чачы боёлгон аялдарда бул диагноз 14 пайызга көп коюлганы аныкталды.

«Изилдөө учурунда чач боёгучтун таасири менен сүт бези шишигинин арасында статистикалык байланыш бар экени белгилүү болгон. Ошол себептен мен чачты жылына алты ирээттен аз боёп, ар дайым дарыгерлерге текшерилип турууга кеңеш берем»,-деген профессор Кефан Мокбел.

Анын айтымында, курамында жыпар жыттуу амин концентрациясы төмөн боёгучтарды колдонуу эң туура. Ал эми табигый ингредиенттерден, мисалы, ит мурун же болбосо хна чөбүнөн жасалган бойгучтардын ден соолукка зыяны жок десе болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!