Экинчи ээкти кантип кетирсе болот?

Экинчи ээкти кантип кетирсе болот?
5-Дек. 2017, Шейшемби, 12:56

Экинчи ээкти бет формасынын гана өзгөртпөйт. Жаш курагыңызга карабастан 5-10 жылга картайтып көрсөтүп да коёт.

Кыз-келинчектердин көпчүлүгү, өздөрүнө карабай керек болсо белгилүү адамдардын ичинде бул көйгөй менен үрөшүп келгендер да кездешет.

Албетте, “экинчи ээкти кетиребиз” деп илинген көрнөк-жарнактар менен түрдүү кремдер жардам беребиз деп убада беришет. Бирок, анын жардамы болгон бир да жанды көрбөй келебиз.

Ошондо эмне кылуу керек? Ээкти түз кармап, башты түшүрбөй жүргөндөн башка дагы ыкмалар бабы? Экинчи ээкти кетирүүгө болобу?

Болот!

Биринчиден арыктаңыз

Илгертен келе жаткан жакшы кеңеш, бирок таасирдүү.

Тамак рационуңузду өзгөртүңүз. Майлуу тамактардан баш тартып, клетчатка пайдаланыңыз. Ал эми күнүмдүк калорияны азайткан жөн.

Бир кемчилиги, бул ыкма экинчи ээкти дароо кетире салбайт. Ошондуктан, спорт менен да машыгуу кажет, тагыраак айтканда эки ыкманы бирдей алып кетиңиз. Ал эми спорт менен алектенгенде бет булчуң этине басым жасоону унутпаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!