Кирпик узартуу

Кирпик узартуу
7-Дек. 2017, Бейшемби, 10:46

Кирпиктин түрлөрү

Жасалма кирпиктер микрофибрадан, адамдын чачынан, синтетикадан жана полимерден жасалышы мүмкүн. Алардын 6-17 миллиметрге чейинки узундуктагы түрлөрү кездешет. Стандарттуу түстөрү — кара менен күрөң, бирок сиз каалаган түстү тандап, узартып берүүсүнө тапшырыш берсеңиз болот. Мыкты адис көзүңүз табигый көрүнүүсү үчүн түрдүү узундуктагы кирпикти узарта алуусу кажет. Адатта кирпиктин кыскаларын көздүн ички бурчуна, ал эми узундарын сырткы бурчуна карай жайгаштырат. Эгер көзүңүз бүтүк болсо узун кирпиктерди көздүн ортосуна жабыштырат. Эгер көзүңүз бири-бирине жакын жайгашкан болсо, узун эмес, орточо кирпиктер менен гана чектелет. Тескерисинче, көзүңүз алыс жайгашкан болсо, узун кирпик жакшы жарашат.

Кимдерге кирпик узартууга болбойт?

Кирпик узартуу маалында жасалма кирпиктер териге эмес, сиздин кирпиктериңизге жабыштырылат. Демек, эгер кирпиктериңиз өтө ичке жана сынгыч болсо, кирпик узартуу сизге болбой турганын унутпаңыз. Мындай учурда бир күндүк жасалма кирпик жабыштырып жүрүңүз.

Кирпик узартууга болбой турган экинчи жагдай — өтө кыска кирпиктер. Бул учурда кирпик узарта турган болсоңуз, сиздин жана жасалма кирпиктин арасы өтө кыска болуп, узарткан кирпиктериңиз туура жабышпай калат.

Кирпик узарткандан кийин эмне кылууга болбойт?

Процедурадан кийин 24 саат өткөнчө кирпиктерге таптакыр тийишүүгө болбойт. Жаздыкка бетиңиз менен жатууга, туш колдонууга, курамында май бар ар түрдүү косметиканы унутуу кажет. Кирпиктерди тароого болбойт. Бөлмө температурасындагы суу менен гана жуунуш керек жана ысыкта көп убакыт жүрбөңүз (Мисалы, мончо, буу).

Тобокел
Тобокел бирөө гана, бирок ал эң кооптусу: өзүңүздүн кирпиктериңиз түшүп калуусу мүмкүн. Мындай учурда узартылган кирпиктерди кетирип, калыбына келтирүүчү ыкмаларды колдонууңуз зарыл. 99 пайыз учурда кирпик кайрадан өсөт. Кирпик узартуунун бир артыкчылыгы кошумча макияж жасоону кажет кылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!