Чачка арналган маскалар

Чачка арналган маскалар
13-Дек. 2017, Шаршемби, 10:16

Эгер чачыңыздын түсүн каныккан кылып, бекем кылгыңыз келсе, болушунча маска жасап, коюп, жакшылап күтүү керек.

Бузулган чачка арналган маска

1-2 жумуртканы жарым стакан сүт менен аралаштырып, чачка сүйкөңүз. 30-60 мүнөттөн кийин шампунь менен жууп таштоого болот. Жумуртка бузулган чачты калыбына келтирип, сүт нымдаштырып, жалтыратат.

Чачты жалтыратуучу маска

Бир чыны сүттү бир чыны ромашка кайнатмасы менен аралаштырып, бир нече тамчы алма уксусун кошуңуз. Чачты шампунь менен жууп даяр болгон аралашма менен чайкаңыз. 2-3 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп таштаңыз.

Чачтын түшүүсүнө каршы маска

150 грамм кара нанды жарым стакан сүткө малып, 1 аш кашык кастор майын кошуп, аралаштырыңыз. 15-20 мүнөттөн кийин нан сүттү сиңирип алып, көөп чыгуусу керек. Масканы чачтын түбүнөн карай учуна чейин сүйкөп, 30-40 мүнөттөн кийин башты жууп салыңыз.

Майлуу чачка арналган маска

Миксерге 1/3 стакан сүт, 2 чай кашак коньяк, 1 чай кашык алоэ тунмасы менен 1 жумуртқк агын салып, аралаштырыңыз. Аралашманы башыңызга, чачтын учуна чейин сүйкөп, 1 сааттан кийин шампунь менен жууп таштаңыз.

Кургак чачка арналган маска

1 стакан сүткө 1 аш кашык бал салып, аралаштырыңыз. 2 тилим нан кошуп, сиңгенче күтүңүз. Масканы чачка сүйөп, бир сааттан кийин шампунь менен жууп таштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!