Бырыш түшпөйт! Желатин маскасы

Бырыш түшпөйт! Желатин маскасы
19-Дек. 2017, Шейшемби, 09:38

Желатиндин чебер «косметолог» экенин билесизби? Аны протеиндүү кошулма иретинде шампундарга кошулат, тырмактын бекем болуу үчүн да желатин пайдалуу. Ал эми эң башкысы, желатинди бырышты алдын алуу үчүн да колдонушат. Ал – бет териси үчүн табылгыс косметика. Желатин майда бырыштарды жазып, терини жумшартат жана агартат. Ошону менен бирге кан айланууну жакшыртат.

Бырышка каршы желатин крем

1 чай кашык толгон желатинди 0,5 стакан суу менен аралаштырыңыз. Ага 3 аш кашык бал, 0,5 стакан глицерин менен 1 г (бычактын учу менен) салицил кыскылын кошуңуз. Аралашманы даярдап жаткан идишти ысык сууга салып, бир калыпта ботко болгончо аралаштырыңыз.

Андан кийин идишти суудан алып, кошулманы аралаштырып отуруп, суутуңуз. Даяр болгон кремди күндө уктаардан 2 саат мурун сүйкөңүз. 20 мүнөттөн кийин кремдин териге сиңбеген бөлүгүн сүртүп таштаңыз.
Бир даярдаган крем болжол менен бир айга жетиш керек. Аны капкагы жабылган идишке салып, муздаткычтын үстүнкү текчесине сактаңыз. Бетке коердон мурун алдында керектүү өлчөмдү гана алып, жылытып сүйкөңүз.

Желатинден жасалган маскалар кайра калыбына келтирүүчү күчтүү курамга ээ. Ал кан айланууну иреттеп, бет терисинин түсүн жакшыртып, терини тарткан эффектке ээ, терини жумшартып, бырышты жана пигменттүү тактарды кетирет.

Терини жашартуучу желатин маскасы

2 аш кашык кайнаган муздак сууга 1 чай кашык желатин салып, көтөрүлгөнчө (40-60 мүнөт) коё туруңуз. Андан кийин ага 2 чай кашык эзилген бананды кошуңуз, аралаштырып, бетиңизге сүйкөңүз.
Масканы 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп таштаңыз

Бырышка каршы желатин маскасы

4 аш кашык глицерин, 2 чай кашык бал, 2 чай кашык желатин менен 4 шс кашык сууну кошуңуз. Аралашманы отко коюп (эң түбүнөн) бирдей коюу абалга чыкканча үзбөй аралаштырыңыз.
Андан кийин аралашмага дагы 4 аш кашык кайнаган суу кошулманы кошуп аралаштырып, стерилденген банкага куюп, капкагын жабыңыз. Аны ушундай муздаткычка сактоого болот.
Масканы бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, крем сүйкөө керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!