Япондуктардын жашартуучу маскасы

Япондуктардын жашартуучу маскасы
8-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 13:34

Бул масканы жумасына бир жасап, бетиңизден 10 жылга жашартыңыз. “Япон аялдарынын орто жаштан ашса да, сулуу бойдон калуусунун сыры эмнеде?» деген суроолор сизди да ойлондурган чыгар. Эмесе анын сырын билип алыңыз. Төмөндөгү масканы жумасына бир жолу жасап, сулуулугуңузду арттырып, мурункудан алда кайда жашара түшүңүз.

Гейшалар чачын жибектей жумшартуу үчүн күрүчтү колдонушкан. Тагыраак айтканда күрүч суусу менен чайкашкан. Ошону менен катар бет терисинин күтүмү үчун да күрүчтүн жардамына пайдаланышкан. Бир аз күрүч унун ысык сууга салып алып, астына идиш коюп, суусун саргытып илип коюшкан. Күрүч салынган каптан аккан ошол суу менен беттерин жуушкан. Күрүч суусу бет терисин ультра фиолет нурларынан коргоп, бырышты алдын алат жана терини нымдаштырат. Ошондуктан да күрүчтөн жасалган маскалар бет териси үчүн өтө маанилүү. Ал терини шалбырап калуудан коргоп, тартып турат.

Бет терисине арналган маска:

3 аш кашык күрүч уну
2 чай кашык бал
1 чай кашык каймак
Баардыгын жакшылап аралаштырып, бетиңизге сүйкөңүз. 30 мүнөттөн кийин суу менен жууп таштаңыз. Минералдуу суу менен жууган жакшы.
Бул масканы баардык типтеги бет терисине колдонууга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!