Кашыңызга кандай кам көрөсүз?

Кашыңызга кандай кам көрөсүз?
11-Янв. 2018, Бейшемби, 09:49

Кашты терүү, химиялык боёктор каш түктөрүнүн мурдагы көркүн бузат. Натыйжасында кашыңыз түшө баштайт. Кашты боёго арналган химиялык кошулмалары бар каражаттарды колдоно турган болсоңуз, кашка кошумча дагы күтүү керектигин унутпаңыз.

Сейрек каштар үчүн, тагыраак айтканда кашыңыз түшө баштаса, кашка пайдалуу бет майлар жана өсүмдүк майларын сүйкөңүз.

Кашты кантип өстүрүүгө болот?

Каш талдарын бекемдеп өстүрүүгө арналган майлар: кастор, зайтун, камфор майларын аралаштырып, кашка сүйкөп, 15 мүнөөт бою күтүңүз. Кийин кургак кебез менен майды сүртүп алыңыз.

Каштын өсүүсү үчүн: вазелин майы, балауыз жана кастор майынын 5 тамчысын аралаштырып кашка сүйкөш керек. Ушул майды жумасына 2 жолу сүйкөңүз.
Шабдалы данынан алыган май кашты бекем кылып өстүрө алат. Ал үчүн майды жылытып, 15 мүнөт сүйкөп койгон оң. Ушундайча ар дайым күтсөңүз кашыңыздын калың болуп, жакшы өсө баштаганын байкайсыз.

Майларга витаминдерди кошуп көрүңүз: чычырканак, кастор, зыгыр майларына А жана Е витаминдерин кошуп, компресс жасаңыз. Бул күтүү каштын өсүүсүнө, түшпөөсүнө жана кургабоосуна жардам берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!