Сүттүн косметологияда колдонулушу

Сүттүн косметологияда колдонулушу
9-Март 2017, Бейшемби

Сүт жана сүт азыктарын ичүүнү каалабагандар үчүн андан жасалган азыктарды пайдаланууга болот. Май, мусс, маска, бальзам сыяктуу заттарды даярдап алып, бетиңизге сүйкөп, табигый азыктардын пайдалуу жактарын колдоно билиңиз. Кымбат косметика сатып алгандын ордуна, кол жетимдүү заттарды ийгилигиңизге жаратаңыз.

Теңдешсиз курам

Теринин жагдайын жакшыртуучу кычкылдар сүттүн курамында көп кездешет. Өзгөчө гликоль кычкылы табигый сүттүн жана айрандын курамында көп. Бул кычкыл беттеги безеткиге, кара тактардын чыгып кетүүсүн алдын алат. Өлгөн клеткаларды чыгарып, кургак терини нымдаштырып, жаңыдан пайда болуп келе жаткан бырыштар менен күрөшөт.

Сүттүн курамындагы кычкыл-биохимиялык реакцияларга катышкан эң маанилүү компонент. Ошол себептен сезимтал терини коргоо үчүн аны косметологияда колдонуп келишет.

Протеиндер- сүт курамындагы эң негизги зат. Терини натыйжалуу иштешин камсыз кылган протеиндер, терини жумшартып, коргоп жана калыбына келтирет. Протеиндердин курамындагы аминкычкылдары өзгөчө орунга ээ. Ал теридеги өлгөн клеткаларды түшүрүп, жаңы клеткалардын пайда болушуна жардам берет.

Көк сүт

Сүттөн алынган көк сүт 93,7 пайызы суудан, ал эми калган 6,3 пайызы пайдалуу заттардан турат.

Көк сүттүн курамында аминкычкылдары кездешет. Мындан сырткары В, С, А, Е тобундагы витаминдерге бай жана биотин, магний, кальций, пробиотикалык бактериялар бар. Көк сүт вируска жана бактерияларга каршы курам менен негизделген. Анын курамында лактоферрин, лактопероксидаза жана лизоцим пайда болот. Лактоферин темирден куралган белоктон турат. Лактопероксидаза- микробко каршы кызмат аткарат. Лизоцим- түрдүү бактреиянын түзүлүшүн камсыз кылат. Көк сүттүн курамында “калыпка келтирүү фактор” бар. Бул төмөнкү молекулалуу белоктор. Ал жаңы теринин калыптануусуна жардам берет.

Бетти көк сүт менен сүртүп турса таза болуусун шарттайт. Кайнаган сүткө лимон ширесин тамызып, отто бир аз кармап турасыз. Андан соң аны аралаштырып бетти жылуурак кошулма менен жууп же сүртүп коюңуз.

Чач үчүн

Чачка келсек анда табигый көк сүт менен гана жууса болот. Чачка эч кандай зыяндуу эмес, тескерисинче баш терини нымдаштырып, какачтын пайда болушун алдын алат.

Айран

Айрандын курамындагы аминкычкылы терини нымдуулугун сактайт. Сүт кычкылы клеткалардын жаңыланып туруусун камсыз кылат. Табигый айранда С жана В витаминдерин кездештирүүгө болот. Айранды бетке сүйкөөрдө эске алчу нерсе- кургак териге майлуу айранды, ал эми майлуу териге майлуулугу аз болгон айран колдонуу керек.

Эчкинин сүтү

Эчкинин сүтүнүн башка сүт азыктарынан айырмачылыгы- анын курамында жез, селена, фосфор, антиоксидант жана В, В2, А жана С витаминдери бар. Бул сүт терини жашартат жана өң берет.

Ошону менен бирге эле акыркы он жылда косметологияда сүттү өсүмдүктөрдөн да алууга мүмкүн болоору маалым болду. Соя, бадам, кокос жана башка өсүмдүктөрдөн алуу кеңири тарады.

Соя сүтү-темир, Е витаминдерине бай жана холестерин жок. Аны менен бирге изофлавон аттуу терини кургап кетүүдөн сактоочу зат кездешет. Тери менен чачты сергитип, андрогендердин таасир этүүсүн токтотот.


Кокос сүтү-А, С, В витаминдери, калий, натрий, кальций, фосфор, темир, май, органикалык кычкылтекке бай. Бактерия менен вирустан коргоп, терини кургатып, тынчтандыруучу касиетке ээ. Майлуу, безетки жана кара тактар пайда болгон терилер үчүн пайдалуу.

Бадам сүтү- май, туз минералдарына, эфир майларына жана түрдүү витаминдерге бай келет. Терини тазалап, жагымсыз аба ырайынан сактайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!