2018-жылдын модалуу чач боёгу

2018-жылдын модалуу чач боёгу
12-Янв. 2018, Жума, 11:42

2018 жылы чач боёгу имбирь латте түсү суроо-талапка ээ болууда. Кыштагы аба ырайы даамдуу имбирь кошулган таттуулар менен ысык латте бири-бирине айкалышат. Бул таттууларга деген сүйүү стилисттерге жаңы чач боёгунунун түсүн ойлоп табууга себеп болду.

Имбирь- латте түсү-омбредеги "шоколод" жана "латте" түстөрүнүн айкалышы. Ошону менен бирге стилисттер чач калыңыраак көрүнүүсү үчүн ага бир аз ачык түстөрдү да кошушкан. Мындай чач боёк өтө өзгөрүүнү каалабагандар үчүн, бирок чачынын түсүн жаңырткысы келген кара жана саргыч чачтуу кыздарга ылайыктуу келет. Имбирь, латте түсүн боётуу үчүн алгач алды менен чачыңызды жылуу кофе өңүнө боётуп, андан кийин анын үстүнө ачык жана жылуу өңдөгү жаңгак, бал же болбосо бир аз блонд түстөрүн кошууну сураңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!