Тырмак өстүрүү ыкмалары

Тырмак өстүрүү ыкмалары
24-Янв. 2018, Шаршемби, 10:18

Үй косметологунун адиси аркылуу бир нече жумада эч кыйынчылыксыз тырмагыңызды бекем кылып өзүңүз да өстүрө аласыз.

Йод тору

Йод тырмакты сынуудан коргоп, аны бекемдөөчү бирден-бир каражат.

Ошондуктан, йодду көп пайдаланууга тырышыңыз.

Колдонуу ыкмасы: Кечке жуук кебез таякчасынын жардамы менен тырмагыңызга йоддон тор жасаңыз. Сарсанаа болбоңуз, сүйкөлгөн йоддон эртең менен так да калбайт. Тырмагыңызга кам көрүп бул процессти тез-тезден жасап туруңуз.

Кызыл мурч

Кызыл мурчтун да тырмак үчүн пайдасы көп. Бирок, өтө көп пайдаланбаңыз. Жумасына бир жолу колдонсоңуз жетиштүү.

Колдонуу ыкмасы: 1 чай кашык кызыл мурчту 2 чай кашык колго арналган крем менен аралаштырыңыз. Эгер аралашма кургак болсо бир эки тамчы суу кошууга болот. Аралашманы жай отто ысытыңыз. Муздагандан кийин тырмакка сүйкөш керек. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салууга болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!