Тырмактар гель-лактан түшөбү?

Тырмактар гель-лактан түшөбү?
25-Янв. 2018, Бейшемби, 14:18

Россиялык косметологдун айтуусу боюнча, тырмактар кайра калыбына келиш үчүн «эс алуусу» керек.

Тырмакты бат-баттан жасалма өстүрүп жана гель-лактар менен боёй берсе тырмак сына баштайт жана туура эмес өсүүсүнө себепчи болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, дерматовенерология жана косметология бөлүмүнүн жогорку даражадагы дарыгери Наталья Заторская «Российская газетага» берген маегинде билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бейтаптарга онихолизисом, тагыраак айтканда тырмактын үстүңкү катмарынын түшүсүнө жана кыйшык өсүүсүнө алып келген дартка чалдыгышат.

“Туура түшүнүңүздөр мен кыздарды таптакыр боёбогула дебейм”,- деди Заторская.

Анын айтымында, тырмактар бир аз болсо да калыбына келүүсү үчүн “эс алуусу” керек. Өзгөчө аларга “химия” гана эмес, маникюр жасоочу куралдар да зыян тийгизет. Ал эми салон-жогорку тобокел алып келчү жер. Жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу ыктымалдуулугу бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!