Жазында модага айланган помада түстөрү

Жазында модага айланган помада түстөрү
3-Март 2018, Ишемби, 12:47

Помада өңдөрүнө байланыштуу ар күнү жүзүңүздү түрдүү (назиктиктен баштап эрдикке чейин) өзгөртүүгө болот. Ушул жазда модалуу болчу помада түстөрүн сунуштайбыз.

Нюдди эрин помадасы

Дүйнө визажисттеринин айтуусу боюнча, эрин помадасынын эң модалуу жазгы түсүнө табигый нюд кирет. Мындай эрин помадасынын түсү кечки жана күндүзгү макияжга да шай келет.


Кою кызыл эрин помадасы

Өткөн жылдан жаңы жылга көчкөн дагы бир тренд – макияждагы кою кызыл эрин помадасы. Каныккан коюу кызыл эрин помадасы бардык аялдарга жарашат жана көзгө дароо түшөт.


Ачык кызыл (коралл) эрин помадасы

Ачык кызыл эрин помадасы – 2018-жылга жаздын хиты. Мындай түс бетти албыртып, жагымдуулук сыйлайт. Бирок абайлаңыз, ал ачык түскө киргендиктен, баардык көңүлдү бетке бурдурат.Ошондуктан, аны колдонор алдында бет териси тегиз экенине көз салыңыз.

Кызыл эрин помадасы

Ар убакытта классика болуп саналган – ал кызыл түстү эрин помадасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!