Сулуулук сырлары

Сулуулук сырлары
20-Март 2018, Шейшемби, 13:47

Сулуу болуш үчүн эмне кылуу керек?

Үй шартында «спа процедурасын» жасоого болобу?

Күндө ач карынга 1 чай кашык ээриген бал, лимон ширеси менен 1 аш кашык өсүмдүк майын ичип туруңуз.

Натыйжасында келбетиңиз жакшы болуп, териңиз жаңыланып, тазарат.

2. Кургатылган талаа чөбүн (хвощ полевой) чай сыяктуу кайнатып, күнүнө 3 жолу стакандын ¼ бөлүгүн ичип туруңуз. Анын жардамы менен зат алмашуу кызматы жакшырып, организм тазарат.

3. 1 стакан кайнаган сууга 50 гр бал, 3 стакан чычырканак ширесин, ½ стакан жалбыз кайнатмасын кошуп, аралаштырыңыз. Аралашманы эки саатка муздак жерге коюп коюңуз. Тамактанууга жарым саат калганда стакандын ¾ бөлүгүн ичип туруңуз.

4. 300 гр кургатылган өрүктү, 300 гр тазаланган грек жаңгагын, 300 гр мейиз менен 2 лимонду (кабыгы менен бирге) туурагычтан өткөррүп алыңыз.

Ага 300 гр бал кошуп, аралаштырыңыз. Күнүнө 1-2 жолу аш кашык менен жеп туруш керек. Бул аралашманы муздаткычта сактаган оң.

5. Гректер эзелтен тамактанып бүткөндөн кийин тузду соруп отурушкан.

Окумуштуулары туздун ашказан сөлүн бөлүп чыгарарын далилдешти.

Ал өз алдынча эскирген клеткалар менен организмге керектүү эмес элементтерди ажыратып, бөлөт. Тамактангандан кийин 1 саат өткөн соң тилдин учуна болжол менен 1 гр органикалык тузду коюп, бир нече мүнөт күтүп, бөлүнгөн шилекейди жутуш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!