Балдан жасалган маскалар

Балдан жасалган маскалар
24-Март 2018, Ишемби, 13:13

Бал косметологияда кургак терилер үчүн кеңири колдонулаары баарыбызга маалым. Бал маскалары кургак бетти жакшы азыктандырат, жумшартат, беттин куудурап кургаганын азайтат жана кайсы бир деңгээлде майда бырыштарды кетирет. Бирок балды маска катары колдоноордон мурун өзүңүздүн бул азыктан аллергияңыз жок экендигин билип алышыңыз керек.

1. 90 грамм арпа унун, 35 грамм балды, 1 жумуртканын агын жакшылап аралаштыруу керек. Масканы бетиңизге 10-15 мүнөт коюп, анан жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бырыштардын алдын алат.

2. Эки стакан жылуу сууга 1 чоң кашык балды аралаштырасыз. Жатаарда ушул суу менен бетиңизди жууп, жылуу суу менен чайкап саласыз.

3. 1 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык балды аралаштырып, бетиңизге 10-15 мүнөт коесуз. Андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

4. 2 чоң кашык спирт, 2 чоң кашык суу жана 100 грамм бир аз жылытылган балды кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Масканы 10-12 мүнөт бетиңизде кармап турасыз. Мындай маска беттин терисин тазалап, жумшартат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!