Кушон кандай болот?

Кушон кандай болот?
28-Март 2018, Шаршемби, 12:34

Акыркы кездери дүйнөдө көпчүлүк айымдар Корей косметикалык каражаттарынын бири болгон кушон тоналдык каражатын колдонуп келишет. Анын мынчалык белгилүү болушунун сыры эмнеде экенин жана аны кандай колдонуу керек экендигине токтолсок. Кушон – суюк косметикалык каражат нымдуу асептикалык соргуч (губка).

Англис тилинен «cushion» сөзү «жаздык» деп которулат. Кушон – косметика түрү эмес, ал анын формасы. Эреже боюнча, кушондор чакан, упа кутусу сыяктуу чыгарылат. Анын ичинде күзгү, жогорку бөлүгүндө антибактериялык спонж жана төмөнкү бөлүгүндө кушон болот.

Кушондун түрлөрү:

Башында жаздык –кушон тоналдык каражатты (ВВ жана СС кремдер) нымдуу болот. Бирок, кушонду тоналдык кремдер менен бирге колдонууга болбойт. Анын формасы өтө ыңгайлуу болгондуктан, кушон катары бетке арналган помада, бронзер, хайлайтер, кашка арналган тень, эрин помадасы жана башка косметикалык каражаттарды чыга баштады.

Кушондун өзгөчөлүгү:

- Жеңил текстура жана оңой сүйкөлөт. Тоналдык кремди, крем сыяктуу помаданы жана башка суюк каражаттарды өтө көп сүйкөп алышыңыз мүмкүн. Ал бетиңизде маскага окшоп калат. Ал эми кушон менен көп сезилбей тегиз кабат болуп сүйкөлөт;

- Үнөмдүү. Сыкма идиш ыңгайлуу болгону менен андан көп сыгып алып бат эле короп кетет. Ал эми кушон спонжы бир аз гана алып, аны бет тери жакшы сиңирет;

- Жыйнактуу. Кушондун кутучасы аз орунду ээлейт. Аны кичинекей сумкага да салып ар дайым жаныңызда алып жүрсөңүз болот. Ошону менен бирге калем (кисточка) сыяктуу кошумча каражаттардын да кереги жок.

Кушондун кемчиликтери:

- Кушон тоналдык каражат сыяктуу безетки жана башка пигменттүү тактарды жашыра албайт. Кээ бир өндүрүчүлөр жашыруучу эффектиси жогору кушондорду чыгарып жатышат. Бирок аны да бир нече кабат кылып жакпаса, тактар көрүнө берет.

- Кушондор бат эле бүтүп калат. Жөнөкөй тоналдык каражаттардын идишинде 50-70 мл болсо, кушон көлөмү 20-30 мл гана болот.

Кушонду колдонуу жолу

Алгач терини тазалап жана нымдаштырып алыңыз. Спонжду суюк жана ортоңку манжа менен кармап, кушонду акырын басуу аркылуу ичиндеги суюктукту сиңирип алыш керек. Каражатты бет терисине соккулоо аркылуу сүйкөп чыгыңыз. Тоналдык кушондордун 30 пайызы минералдуу суудан жана башка дагы нымдаштыруучу курамдан турат. Ошондуктан андан кийин тери нымдуу болуп турушу мүмкүн. Эгер сизге мындай натыйжа жакпаса, териге кушондон кийин упа сүйкөңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!