Күйөөңүздү мактай билесизби?

Күйөөңүздү мактай билесизби?
10-Апр. 2018, Шейшемби, 17:58

Сүйүктүүңүзгө, күйөөңүзгө махабатыңызды жеткирүүнүн бир ыкмасы – аны мактоо. Мактооңуз чыныгы болуш керек. Ар бир кылган ишине алкыш, өзүнө мактоо сөздөрдү айтып турсаңыз, күйөөңүзгө майдай жагат. Сиз күйөөңүздү кантип мактайсыз?

Күйөөңүздүн тартымдуу экенин айтыңыз. Спорт менен машыга турган болсо, булчуңдуу, чымыр денелүу экенин айтып туруңуз. «Сиздин коргонуңуз, арка жөлөгүңүз» экенин көп айтуу аркылуу өзүңүздүн аялга таандык назиктигиңизди, эркелигиңизди унуттурбайсыз.

Орой болсо, сүйлөшүп жатып мактаганды үйрөнүңүз жана мактоого ылайык келген маалды өткөрүп жибербеңиз. Атайы жагынуу үчүн мактаганыңыз тескери таасир берет жана аны эркектер сезип турат.

Досторуңуздун, туугандарыңыздын көзүнчө күйөөңүздү мактап койсоңуз, төбөсү көккө жетет. Жана сиздин андан да жакшы көрүп кетүүсү мүмкүн.

Күйөөңүздү мактоо араларыңыздагы сый мамилени артырганы менен бирге, бири-бириңизди баалону үйрөтөт.

Ал эми эркектер үчүн аялын мактоо — сырт көздүн көзүнчө аялын мактоо, анын жакшы жар, сулуу аял, акылдуу эне тандаганын айтуу.

Күйөөңүздү чын көңүлүңүз менен мактай билиңиз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!