Турмуш курчу кыздарга кеңеш

Турмуш курчу кыздарга кеңеш
20-Апр. 2018, Жума, 10:37

Кыргыз кыздары болочокто жар тандоодо 5 нерсеге көңүл бөлүңүз:

1. Анын максаты барбы же жокпу? Же болбосо кыялы жок, максаты жок “алма быш оозума түш” дегендердин бириби?

2. Анын ушул күнгө чейин кандай ийгиликтерге жетишти? Жок болсо, анын келечекке койгон кур максатынан пайда аз. Сүйлөп-сүйлөп кала берет. "Болор бала жашынан" дейт. "Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас" деп айтылат элибизде. Кайратуу жигиттик чакта уктап жүргөн, үй-бүлө курганда ойгоно калбас. Чын өмүр 30 жаштан ашканда башталат. Ошол маалда өкүнүп калбаңыз.

3. Жигит айткан сөзүнө турабы? Сөздү сөз деп билбеген жигиттин, өзүнүн да баркы жок. Сөзгө турбаган жигитти, достору да адам катары көрүшпөйт. Кыргыз эли сөзгө бекем, сөздүн кадырлаган эл.

4. Жигитке ишенүүгө болобу? Өмүр бою бир гана жарыңыз жана досуңуз болот. Эгер ага ишене албасаңыз, сизден ашкан жалгыз адам барбы?

5. Жигиттин иштеген иши барбы жокпу? Билип алыңыз, бул дүйнөдө мүмкүндүгү болуп туруп эки колго күрөк алуууга жарабаган адамдан артык бактысыз адам жок. Эмгек- бакыттын көзү. Бакытка умтулбаган жар, сизди бактылуу кылып жарытпайт...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!