Күйөөгө кандай мамиле жасоо керек?

Күйөөгө кандай мамиле жасоо керек?
10-Май 2018, Бейшемби, 13:32

Кээде жубайлардын арасында түшүнбөстүктөр келип чыкпай койбойт. Айрым учурларда аягы ажырашууга чейин жетиши ыктымал. Биро ага жеткизбей үйбүлөнү сактап калуу айымдардын колунда экени да жашыруун эмес. Эмесе, урматтуу айым, төмөндөгү кеңештер сиз үчүн...

Күйөөңүзгө жаккыңыз келсе...

Биринчиден, эркектер аялынын күтүүсүз жерден жагымдуу нерселерди жасоосун күтүшөт. Аял күйөөсүнүн башкаларга кызыгуусуна мүмкүнчүлүк бербөөсү керек. Ал үчүн дайыма таза, тыкан кийинип, чач жасалгасын убак-убагы менен өзгөртүп, чеги менен макияж колдонуп, кээде жыты жагымдуу атыр себинип алуу менен дайыма өзүңүзгө көңүл бурдура аласыз. Андан тышкары, айрым күндөрү күйөөңүз менен бирге сейил бакка, тоого, киного, концертке жана башка эс алуучу жайларга барып турууга аракеттениңиз. Бул күнүмдүк тажатма жашоодон алыстатып, жубайлардын жакындоосуна өбөлгө болот.

Экинчиден, эркектер дайыма өзүнүн жанында жүргөндөрдү, анын ичинде аялынын баалап туруусун жактырышат. Андыктан, күйөөңүз үйдөн эмне иш жасаса, мисалы, розетканы оңдосо, короону жыйнаса, жадагалса картошка аарчыса да, ошого көңүл буруп, анын эмгегин баса белгилеп мактап, колунан келбегенин жашырып турсаңыз, ал түбөлүккө сиздики экенине ишене бериңиз.

Үчүнчүдөн, үй-бүлөгө көңүл бурбай, баш-отуңуз менен жумушка берилип кетүүден же эркекке тиешелүү маселелерге кийлигишүүдөн алыс болуңуз. Өз убагында иштеп, убагында күйөөгө көңүл буруп туруу жакшы. Ошондой эле сайма сайып, түймө түйүп, кийим тигип деген сыяктуу нерселерге көңүл бурсаңыз, күйөөңүз сиз менен сыймыктанбай койбойт.

Бешинчиден, эркекти бош убагында барам деген жагынан калтырбоого аракеттенүү керек. Себеби ар бир адам досторду күткөнү жакшы. Алар менен сейрек болсо да баарлашуу аркылуу кандайдыр бир деңгээлде жеңилдеп алууга болот. Анын үстүнө эркек кишинин үйдө бош отурганы өзүңүздү деле жадатып жиберет.

Алтынчыдан, күйөөңүз менен көп баарлашууга далалат кылыңыз. Пикир келишпестик пайда болгондо, кек сактабастан дароо тил табышып кетиңиз. Өзүңүздүн оюңуз менен бөлүшө билип, анын айткан туура кеңештерин кабыл алууну унутпаңыз.

Жетинчиден, эгер ортодо чыр-чатак келип чыкса, күйөөңүзге көпкө таарынуунун кажети жок. Күнөө сизден кетсе, кечирим сурай билиңиз.

Эгер бир күнү...

"Жумуштан качан келет?" деп зарыгып күтүп отурганда мас болуп кирип келсе, дароо эле кыйкырып, урушуп кирүүгө болбойт. Ал күнү унчукпастан, эртеси күнү гана ичип алганынын себебин аныктап, экинчи аны кайталоого жол бербөөгөаракет жасоо керек. Эгер ичимдикке жакын жаңы дос тапканынбилсеңиз, ага жолуктурбоого аракеттенүү туура. Же мурункукүнү ачуусуна өзүңүз тийип алган болсоңуз жана ошонун натыйжасында ичип келген болсо, кечирим сурап, экинчи андай кайталанбай тургандыгын түшүндүргенүңүз оң. Анткени кандайдыр бир шылтоо менен ичимдик ичүүнү өнөкөткө айлантып алуусу ыктымал. Анан анын зыянын өзүңүз гана тартасыз.

Чындыкка туура келбеген шылтоо айтып, түнү менен үйгө келбей койсо, анда ал жөн жерден эмес деп ишене берсе болот. Эгер ошондой болуп калса, күйөөңүздү ачык сүйлөшүүгө тартып, мындан ары бөтөн айымдар менен болгон мамилесин токтотууга мажбур кылуу зарыл. Эгер ал жөнүндө сүйлөшүүдөн качса, үйбүлөнү сактап калуу үчүн бардык ыкмаларды колдонууга болот. Анткени үйгө бир ирет түнөбөй калса, анысы сөзсүз түрде кайра кайталанышы мүмкүн.

Биринчи жолу кол көтөрсө, "айла жок, күйөөмө баш ийем" деген ойдон алыс болуп, кайра укугуңузду коргоого даяр болгонуңуз туура. Бир да эркек аялзатына кол көтөрүүгө акысы жок. Андай эркек "эркек" деген сөзгө татыксыз. Бул жерде тескерисинче, эркек аялды коргоого, ал үчүн камкордук көрүүгө милдеттүү. Бирок сиз дагы өз учурунда күйөөңүздүн ачуусуна тийип, ашыкча жаман сөздөрдү айтуудан алыс болгонуңуз оң.

Гүл көтөрүп келсе, бул сиз үчүн кандай маанилүү жана кубанычтуу экенин такыр жашырбаңыз. Анткени күйөөңүз гүлдестени кандай толкундануу менен алганыңызды, сизди абдан кубантканын унутпай калгыдай болуусу керек. Бул жерде ушуну менен гана чектелбестен, анын кандай мыкты жар, ойдогудай кожоюн экенин баса белгилеп, мактап кетүүнү унутпаңыз.

Кызганып жатканын байкасаңыз, анын себебин билүүгө далалат кылыңыз. Күнөөлүү болсоңуз, экинчи андайды такыр кайталабаңыз. Анткени эркектин ишеничинен кеткенден кийин кайра ишенимге кирүү
абдан кыйынга турат.

"Бүгүн кечкиге эмне тамак жасайсьң?" деп сурап калса, демек, акыркы убактарда окшош тамактардан жадап бараткандыгынын белгиси. Мындайда дароо фантазияны иштетип же болбосо тамак даярдоонун рецептери жазылган китеп сатып алып, өзгечө тамак жасоого аракеттенүү керек. Себеби бекер жерден «эркектин зжүрөгүнө барчу жол ашказан аркылуу өтөт» деп айтылбагандыр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!