Үй-бүлөлүү келинге кеңеш

Үй-бүлөлүү келинге кеңеш
30-Март 2017, Бейшемби

Үйлөнүү менен ажырашуу –эң чоң иллюзия. “Үйлөнсөм баары оңолот” дейт көпчүлүк жаш кыздар. “Ажырашып кетсем баардык маселелелр чечилет” деп үй-бүлөлүүлөр ойлошот. Бирок, чындап келгенде адам өзүнүн ички жан дүйнөсүн түзөмөйүнчө үйлөнүү да ажырашуу да жардам бербейт. Андан да көп көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн. Ошондуктан мындай абалга түшпөш үчүн төмөнкү кеңештерге көңул буруңуз:

“Үйлөнүү оңой, үй бүлөнү сактап калуу кыйын” деп бекеринен айтылбаса керек, ошентсе да ар бир кыйынчылыкты жеңүүгө болот. Ал үчүн умтулуу менен сабырдуу болуу гана керек. Кандай гана кыйын учур болбосун, үй-бүлөнү сактап калуу- эң негизги туура чечим болуп саналат. Ал үчүн эмне кылуу керек? Үй-бүлөдө болуп жаткан абалды сырт көз менен карап көрүңүз. Көпчүлүк учурда кичинекей нерсени төөдөй кылабыз. Ал эми кээ бирде маанилүү нерсеге көз жумуп коёбуз. Эмоцияны артка таштап, үй-бүлөңүзгө сын көз менен карап, баа бериңиз. Себеби уруш-талаш чыккан учурда эмоцияга алдырып ашыкча сөздөр чыгып кетүүсү ыктымал.

Өз оюнүзду күйөөңүз менен ачык айтып сүйлөшө билиңиз. Эркек менен аялдын ойлонуусу эки башка болот эмеспи. Ошондуктан сизге жаккан жана жакпаган нерселерди ачык айтып үйрөнгөнүңүз жакшы. Күйөөңуздөн гүл күткөн болсоңуз “Айнуранын күйөөсү гүл белек кылыптыр” деп жымсалдабай “мага гүл белек кылууңду каалаймын” деп айтыңыз. Ооба, бул жерде романтикалык абал жок. Бирок, үй-бүлөнү сактап калуу өтө манилүү ролду ойнойт.

Сүйлөшүңүз. Ар бир келип чыккан көйгөйдү түз отуруп сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө болот. Аялдар көпчүлүк учурда унчукпай, таарынып, коркуткан жаман адатын таштап ачык сүйлөшүүгө өтүңүздөр. Таарынып калган аял күйөсү өз күнөөсүн өзү түшүнүсүү керек деп ойлошот. Бирок чындыгында эркектин күнөөсү барбы? Сиз таарынып сүйлөбөй жүрсөңүз күйөөңуз кайдан билсин сиздин таарынып жүргөнүңүздү. Ошондуктан, сүйлөшүп чечкен оң. Өзүңүзгө жаккан нерсе менен алектениңиз. Жактырган ишин жасап, алектенген киши-бактылуу адам. Бактылуу адамдар таарынычка орун беришпейт. Үй-бүлө болгондон кийин идиш-аяк кагышпай койбойт. Мындай абал тынчыганча сүйүктүү нерсеңиз менен алектенсеңиз болот. Ал учурда көңүлүңүз көтөрүлүп, жаныңыз тынч алып калуусу ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!