Турмуш кургусу келген кыздарга үч кеңеш

Турмуш кургусу келген кыздарга үч кеңеш
4-Май 2017, Бейшемби

Сүйүү үй-бүлөнү сактап турат, сүйүү болбосо жоопкерчилик да жок болот.Бул кош сезим менен үйгө тынчтык менен ишеним орун алат. Үй-бүлө жоопкерчилиги-аялы менен күйөсүнө тагыраак айтканда эки жакка тең жүктөлүүсү милдеттүү. Ошонтсе да аялзатына жоопкерчилик басымдуу тийери белгилүү.

Анткени, аял күйөсүнүн ийгиликтүү иштерине жардамчы жана ошондой эле балдарынын мээрман энеси болот эмеспи. Ошондуктан, болочоктогу келин болчу кыз үй-бүлөдөгү жоопкерчиликти сезип, эр азамат менен кол кармашаардан мурун бир нече кеңешке өзгөчө маани берүүсү керек.

Турмуш кургусу келген кыздарга кеңеш

1.Тандоодо жаңылба!
Аял бактылуу болуш үчүн өмүрлүк жарын туура тандоосу кажет. Бул-аялдын өмүрүндөгү маанилүү чечим. Себеби, аял турмуш куруу менен өз тагдырын бөтөн эркектин колуна тапшырат. Болочоктогу жолдошу диний билими, кулку-мүнөзү, жүрүм-туруму, көз карашы жана коомдогу даражасы менен төп келүүсү керек. Ошону менен бирге мырза үй-бүлөлүк жоопкерчиликти сезе алган жана аны кыйын мезгилдерде көтөрүп кете алчу милдетти сезүүсү зарыл. Ошондо гана ортодо чындык менен ишенимдүүлүк орун алат. Бул туура чечим чыгарууга түрткү берет. Ал эми таанышуу учурунда жаштардын бирин-бири алдап, калп айтып жана айыбын жаап жашырып калуусу кийин эки жактын өкүнүп калуусуна алып келет.

2.Тамак-аш жасоону бил!
Кыздын окуусу же болбосо жумушу канчалыкты оор болсо да, тамак жасоону жакшы билүүсү милдетүү. Өзгөчө жубайы жакшы көргөн тамактын түрлөрүн жакшы даярдай билүүсү абзел. Дасторкон-аялды канчалыкты үйдүн кожейкеси мыкты экендигин көрсөтүп турмакчы. Даамдуу тамак-аш эркектин жүрөгүнө алып барчу эң жөнөкөй жолдордун бири экенинин эстен чыгарбасак.

3. Сарамжалдуу бол!

Үйдүн кириш-чыгыш каражатын үнөмдөө да аялдын башкы милдеттеринин бири. Колдогу чектелүү каражатты туура пайдалана билүү өтө маанилүү. Аял күйөөсүн пайдасыз чыгымдар менен чарчатпай, карыздын астына калтырбай жүрүүгө милдетүү. Жубайынын таап келгенин акылдуулук менен баарына жеткирип жумшап туруусу керек. Каражаттын бир бөлүгүн кыйын жагдайдагы күн үчүн сактап койгону жакшы. Ошондой эле, каражаттын аз бөлүгүн кайрымдуулук менен бала-чаканын оюн күлкүсүнө да бөлүүнү унутпаган жөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!