Бактылуу түгөй болуу оңойбу?

Бактылуу түгөй болуу оңойбу?
12-Май 2017, Жума

Коомчулукта “эки жаш үйлөнгөнгө чейин бактылуу, ал эми үй-бүлө кургандан кийин баары өзгөрүлөт” деген пикир айтылып жүрөт. Чындыгында үй-бүлө болгондон кийин да карым-катнашты, бири-бирине болгон мамилени унутта калтырбай ар дайым бекемдеп туруу кажет.

Үй-бүлө карым-катнашынын психологиясын изилдеген дүйнөдөгү алдыңкы адистер тажрыйба жүргүзүүнүн натыйжасында бакытты сактап калуу үчүн кандай насааттарды аткаруу керек экендигин аныкташты:

  • 1.Орток бир кызыгуучулук табуу. Убакыттын өтүшү менен мамиленин башында болбогон орток кызыгуучулук пайда болушу мүмкүн. Себеби, бул бирге өткөргөн убакыттын пайдасынан улам келип чыгат. Бирок жеке мейкиндик жана убакыт жөнүндө да белгилеп кетүү зарыл. Өзүңүздүн жеке кызыкчылыгыңыз да болушу керек. Бул сизди башкалардан өзгөчөлөнтүп турган, эч кимге окшобогон маанилүү аспектилердин бири.
  • 2.Кол кармашып жүрүү. Сейилдеп жургөн маалдарда же жөн гана бирге жол тарткан убактарда кол кармашып басуу мүмкүндүгүн жиберип албаңыз. Жубайыңыздын артынан ээрчип же болбосо алдыгы оозунуп чыгууга тырышпаңыз.
  • 3.Ишеним менен кечирим. Үй-бүлөдө болгон уруш-жаңжалды чиелештирбей, кимдин күнөлүү экенин аныктоону талап кылбаган жуп бактылуу болуп саналат. Кээ бир адамдардын оюу боюнча бактылуу жандар урушпайт деген ой жаралат. Бул ката түшүнүк. Ар бир үй-бүлөдө идиш-аяк сынбай койбойт. Кыйынчылык жагдайларында кабак түйүп маселени курчутпай чечүүгө тырышуу керек. Күнөөлүү издеп, жаала жабуунун пайдасы жок.
  • 4.Жакшы жактарын байкаңыз. Сүйүтүүңүздүн жакшы жактарын таап,ошол сапаттарына басым жасап көңүл бурууга тырышыңыз. Ал эми кемчиликтери болсо аларды кичирейтүүгө, аларга көп маани бербөөгө аракет кылыңыз. Себеби ар бир адамда кемчилик болбой койбойт. Идеалдуу адам бар деп айтуу өтө кыйын. Баардыгы сиздин ниетиңизге байланыштуу болот. Эгер сиз жалаң гана жакшы сапаттарды көрүүгө аракет кылсаңыз милдеттүү түрдө максатка жетесиз. Ал эми бирөөнү сөгүп, урушуга камынган болсоңуз анда албетте ал адамды таарынтып алууңуз мүмкүн. Жубайыңыз кечиргени менен көңүлү калып, эсте түбөлүк калаары анык.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!