Айрым терс сапаттарга ээ эр-азаматтардан оолак эле болгонуңуз дурус. Анткени сиз өмүр бою алардын сизге жасаган мамилесине чыдап жашаймын деп, өзуңүздүн ден соолугуңузду дагы жоготуп алышыңыз мүмкүн. Кандай эркектерден сак болуу керек?
Аракеч
Аракеч эркетерден сак болуңуз. Анткени алар мээримдүү, жакшы күйөө болуп көрүнгөнү менен аракка тоюп алып үйдүн берекесин кетирет. Бирок, андай эркектер дагы башкалар сыяктуу алгач кыздын купулуна толууга аракет кылат. Дегенибиз аракеч экендигин билгизбейт. Ал нерсени сиз анын достору кандай экендигинен таразалап биле аласыз.
Катынпоз
Мындай эркектер менен жөндөн-жөн эле убакыт короткон болосуз. Алар сизди каратып туруп эле башка кыздардын көзүнө чөп сала берет.
Апасынын айтканынан чыкпагандар
Айрым эркектер бар апасынын сөзүнөн такыр чыкпаган. Алар аялына абдан жакшы сылык, сыпайы мамиле кылып, майрамдарда баалуу белектерди бергенди жакшы көрөт, а бирок анын терс жагы апасынын айтуусу менен иш жүзүнө ашкандыгында.
Альфонс
Бул түрдөгү эркектер жашоодо башында бардык нерсени өзү көтөрүп, кийин акырын аялынын мойнуна илип коёт. Алар көпчүлүк учурда бай айымдардын жүрөгүн багындырууга аракет кылат. Ал тургай алар үчүн романтикалуу кеч уюштуруп, акырында бардык кирешени аялдын мойнуна илип коюп кутулат.