Эркектер үйлөнгөндөн кийин эмнени унутушат?

Эркектер үйлөнгөндөн кийин эмнени унутушат?
14-Июнь 2017, Шаршемби

Эр азаматтар үйлөнгөндөн кийин кандай кылыктардан алыс болуп, эмнелерди унута башташат?
Жылуу сөз "Мен сени сүйөмүн" деп айтып кутуламын деп ойлобоңуз. Ооба, кыз журөгүн багынтпай туруп "мен сени сүйөм” деп айтуу кыямат кайым болот. Араң дегенде айтып, кийин бул сөз кыз жүрөгүнө арналган ачкыч сыяктуу болуп калат. Сыр сөз сыяктуу колдонулган бул сөздү кыздар качан да болбосун күтүшөт. Сиз ал кыз менен үйлөнүп, бир үй-бүлө болсоңуз да... балалуу-чакалуу болсоңуз да... Аны сүйөсүзбү? Анда сүйөөрүңүздү айткандан тажабаңыз. Аялзаты күйөсүнүн тараптан айтылган мындай сөздөрдү канча жашта болсо да угууга даяр.
Гүл белек кылуу
Гүл саткан дүкөндөрдөгү сатуучулар сизди жакшылап таанып калганча гүл белек кылууну токтотпоо керек. Эңсеген арууңузга колуңуз жетип, бир убакта экөөңүз бир үй-бүлө болуп, бирге өмүр сүрүп жүрөсүздөр. Ал эми ойлонсоңуз, сиз ага акыркы жолу качан гүл тартууладыңыз эле? Турмушка чыгууга сунуш кылгандабы? Андан бери канча убакыт өттү? Эртең менен терезесинин алдына коюп.. Кечинде кездешүүгө артыңызга катып алып келип турчу белеңиз... Ушунун баарын сиз унутсаңыз да, жарыңыз унутпайт.
Эсте калган күндөр
Сиздердин эң алгач таанышкан күнүңүз. Жубайыңызга биринчи жолу турмушка чыгуу туурасында сунуш кылган күн... Сиздер үйлөнгөн күн... "Кайсы күн эле?" деп ойлонуп отурасызбы? Мындай күндөрдү жигиттер үйлөнбөй жатып да эсинде анча сактай бербейт. Албетте, баары эмес. Сиздин эсебиңиз боюнча жарыңыз менен турмуш кургандарыңызга эки жыл болуусу мүмкүн. Бирок аялыңыздын эсеби боюнча1 жыл, 8 ай, 19 күн болот.
Убада
Жигиттер үйлөнбөй туруп көп убада берет. Бирок, алардын кээ бирөөлөр үйлөнүп алгандан кийин ишке ашпай калат. Тагдырдын татаал жолдорунда айтканыбызга көнө бербегенин эске алсак, муну унутуп койсо да болот. Бирок, алар кызы үчүн айды асмандан алып берем деп өзүн-өзү жоготуп алган мырзалар да жок эмес.
Акчаны ойлонбостон чачуу
Үй-бүлө болгондон кийин, турмушка керектүү каражаттар үчүн акча керек болот. Болушунча, кирешенин көп, чыгашанын аз болгонун каалайсыз. Ошол себептин акча коротууну токтото баштайсыз. Үнөмдөөнү үйрөнүп, мурда өзүң жалгыз болсоң, бүгүн эки адам үчүн жумуш иштөөңүз керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!