Жигитке жакканыңды кантип билсе болот?

Жигитке жакканыңды кантип билсе болот?
13-Июль 2017, Бейшемби

Көптөгөн кыздар жигит менен сүйлөшүп журүп, ага жагаар-жакпастыгын билгиси келет. Жигитке жакканыңыздын белгилери байкай алдыңызбы?

1. Түздөн-түз кол салуу

Эгер жигит кызды жактырса, ал аны бирден сезет. Ашык болгон жигит кызына өзгөчө жылуулук менен карайт. Сүйлөгөндө да орундуу, жумшак болот. Көп адамдар менен отурсаңыз сизге көңүл бөлүп, көп карап, сүйлөшүүгө тырышат. Эгер сизди сейилдеп келүүгө чакырган болсо, анда ага жакканыңыздан күмөн санабаңыз. Бирок бул жигиттердин бир гана тибинде кездешет. Уялчаак жигитке өз сезимдерин билдирүү кыйынчылык жаратат.

2. Ыклас

Жигит сиздин көңүлүңүздүн өзгөргөнүн байкап турат. Сиздин маселелериңизди чечүүгө жардам берет. болушунча сизге камкор болууга аракет кылат. Жакшы жерге алып барып, кыдыртып, кечке маал үйүңүзгө чейин узатып алып келет. Башка жигиттердин сизге карап, жүрөгүңүздү багынтууга кылган аракетин байкаса, кызганып, өзү менен гана кездешүүңүз үчүн баарын кылат.

3. Салкын кандуулук

Кээ бир жигиттер сезимин билдирүүнү туура эмес деп санашат. Кызга боор басып, көнүп калуудан коркушат. Ошондо алар өз сезимин билдирүүдөн жашырышат. Мындай жигит бөтөн көзгө жакшы көрүнбөшү мүмкүн. Кече гана жылуу көз менен карап, эркелеткен жигит бүгүн сиз менен сүлөшүүгө бир мүнөт да таба албай жатса. Мындай учурда ага ойлонууга мүмкүндүк берүү керек. Өзүнө эмне керек экенидигин түшүнгөндө, чечимин балким сизге айтаар. Ага чейин тарынбай, ызааланбай күтүүгө тыршыңыз.

4. Эмоцияны ачык түрдө билдирүү

Эгер кездешүүдө жигит сизди капылеттен кучактап алса, анын сизге деген сизими чын жана жылуу экендигинин белгиси. Бирок табиятынан эмоцияны «чачууга» жакын жигиттер болот. Андай жигиттин жанында өзүңүздү «керек» сезесиз да, кийинчерээк «ал баарына ушундай мамиле кылабы?» деген суроого коё баштооңуз мүмкүн. Чындыгында ал кездешүүдө гана назик, мээримдүү болуп, сиз жок жерде сиз тууралуу ойлобошу да ыктымал. Ошол себептен чыныгы сезим менен калп оюнду ажырата билиңиз.

5. Аракет

Жигитке сезимдерин түз айтуусун талап кылып, кыйнабаңыз. Анын аракети менен мүнөзүнө байкоо салыңыз. Себеби сөз менен ар бир адам алдап, арбап алуусу мумкүн. Ар эми аракет адамдын чыныгы келбетин ачып көрсөтөт. Эгер сизге керек болгон учурда ал жаныңызда табылса, анын сезими сизге деген чыныгы экенинин белгиси болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!