Жалгыздыктан сизди Фен-шуй куткарабы?

Жалгыздыктан сизди Фен-шуй куткарабы?
3-Авг. 2017, Бейшемби

Фен шуй - байыркы кытай илими - ийгилик, байлык, сүйүү алып келүү үчүн айлана-чөйрөдөгү буюмдарды жайгаштыра билүү искусствосу. Эгерде сиз жалгыз болсоңуз, экинчи жарымыңызды табууга бир нерсе тоскоол болуп жатса, анда Фен-шуй искусствосун колдонуп көрүңүз. Балким, бактыңыз ачылып калаар...

Эгер сиз жалгыз болуп, жашоодогу жан жолдошуңузду издөө үстүндө жүргөн болсоңуз, үйдөгү жалгыз түшкөн сүрөттөрүңүздөн арылыңыз. Өзүңүздүн эле эмес, башкалардын жалгыз түшкөн сүрөттөрүн да убактылуу башка жакка алып бара туруңуз.

Эгер сиздин үйүңүздө кереги бар-жок экенине карабай аялдардын косметикалык каражаттары көп болсо, сиздин үйүңүз эркектер үчүн коркунучтуу жана жайлуу эмес болуп калат. Андыктан, колдонулбаган, түгөнөйүн деп калган андай буюмдарыңыздан арылып, алардын ордуна эркектердин косметикалык каражаттарынан, кийимдеринен алып келип коюңуз.

Ар кандай оюнчуктар, куурчактар сүйүү мамилесин өзүнө тартпайт.

Жумуш папкасын, компьютер, телевизор сыяктуу буюмдарды сүйүү бурчунан алысыраак коюңуз. Сүйүү бурчу-бөлмөгө киргениңизде оң жактагы алыскы бурч. Ал бурч таза, жарык болууга тийиш жана мүмкүн болушунча түгөйлүү буюмдар: эки отургуч, эки кресло турсун. Же болбосо кош түгөйлөрдүн: балыктардын, ак куулардын сүрөтүн илип коюңуз.

Пион гүлүнүн көркөм тартылган сүрөтү Фен-шуйда сүйүүнүн тумары болуп эсептелинет. Эгер сиз жалгыз бой айым болсоңуз, пион гүлүнүн сүрөтүн уктоочу бөлмөңүздүн кире беришине илгениңиз оң болот.

Кош издин сүрөтү да Фен-шуйда сүйүүнүн тумары болуп саналат.

Уктоочу бөлмөңүзгө чопо идишке отургузулган гүл өстүрүү, гүлдесте коюу сунушталбайт.

Эгер уктоочу керебеттин үстүндө бир нерсе илинип турган болсо, аны алып салган оң. Керебетте сөзсүз түрдө эки жаздык, бир жууркан болууга тийиш.

Ал эми керебеттин астында эч нерсе жок болуп, бош орун көбүрөөк болуш керек. Ошондой эле уктоочу бөлмөдө кырдуу буюмдардын азыраак болгону талапка ылайык.

Мындан тышкары, керебеттин буту эшик жакта же болбосо башы терезе жакта турбаш керек. Керебетте жатканда эшик көрүнүп турууга тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!