Махабаттын сырдуу формуласы

Махабаттын сырдуу формуласы
30-Авг. 2017, Шаршемби

Ой кубаты

Махабат ойдон башталат. Биз кандай ойлосок, ошондой болот. Оюбуздун баары махабат болсо, өмүрүбүз да, карым-катнашыбыз да сүйүүгө толук болмок.

Урматтоо

Бирөө-жарымды жакшы көрүп калсаңыз, алгач ага урмат көрсөтүүнү үйрөнүңүз. Ал үчүн эң биринчи өзүңүздү сыйлай билүүңүз керек. Ага сырткы келбетиңиз, кийимиңиз менен тарбияңызда кирет.

Сыйлык тартуулоо

Ал үчүн өзүңүз махабатыңызды сыйлаңыз. Канча берсеңиз, ошончолук аласыз. Махабаттын сырдуу формуласы-өзүң бактылуу болуудан мурда, аны бактылуу кылууга көп көңүл бөлүү.

Достуктун күчү

Достуктан башталган сезим эң күчтүү, эң бекем, эң назик жана таза сүйүү болот.

Адалдуулук

Махабатыңыз чын болсо, жан-дүйнөңүз менен берилүүңүз керек. Бул ар бир ишиңизден, сөзүңүздөн көрүнүп туруусу кажет. Башканы ойломок тургай, көз кыйыгыңызды таштабагыдай болуп калыпташыңыз.

Кызганычтын кубаты

Кээде таттуу, кээде ачуу бул сезим кээ бир учурларда кереги тийет. Муздап келе жаткан жүрөктөрдү жакындаштырууга да, силкинтүүгө да жакшы натыйжа берет. Болгону чектен чыкпаса.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!