Кайнененин көңүлүн кантип алуу керек?

Кайнененин көңүлүн кантип алуу керек?
15-Сен. 2017, Жума, 10:29

Кайнене менен келин бири-бирин көп жактыра бербестиги талашсыз. Келин кайнененин купулуна эч качан толугу менен толбойт. Ал эми кайненени келин "киришет" деп жактырбайт. Эгер сиз дагы кайненеңиз менен анча жакшы болбосоңуз, төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз. Алар сиздердин мамилени идеалдуу болбосо да жакшыртууга жардам берет.


Кайненеңизге дайыма "апа" деп кайрылыңыз. Бул сөз баары бир көңүлдү жибитет, айрыкча, сизден мындай сөздү күтпөгөн болсо, сиз тарапка жакшы упай кошулаарында талаш жок.

Бат-бат телефон чалып туруңуз. Сүйлөшүүгө шылтоо издөөнүн дагы кереги жок. Жөн гана акыбалын сурап койгон туура.

Жолдошуңузга кайненеңиздин жанында сын айтуунун кажети жок. Анткени, кайненеңиз уулуна болушаары турган иш. Анын үстүнө анын эне катары берген тарбиясына да шек жараткан болосуз.

Анын ашканадагы чеберчилигин баалаңыз. Эгерде чогуу жашасаңыздар, баары бир негизги кожойке ал экени эсиңизде болсун да, ашканада анын айтканындай кылууга аракеттениңиз. Ал эми кайненеңизден бөлөк жашасаңыз, анын рецепттеринен үйрөнүп алып, ал конокко келгенде андан үйрөнгөн тамактар менен сыйлаңыз. Дасторкондон өзүнүн тамактарын көргөн кайнене сизге жүрөгү жылып, ыраазы болуп калат.

Андан кеңеш сурап турганыңыз сизге пайда алып келет.

Ар кандай маселелер боюнча анын көз карашы сиздин кыжырыңызга тийип атса да эч качан каршы сүйлөбөңүз. Анын пикирин сыйлаңыз. Эгер айта турган сөзүңүз аябай маанилүү болуп атса, кайненеңизге каршы чыгып, "эл душманы" болбой, жайынча отуруп жолдошуңузга түшүндүрүңүз. Ал апасы менен чечишип алсын.

Жолдошуңузга апасын эч качан жамандабаңыз. Сизди канчалык сүйгөн менен апасы да ошончолук жакын адам. Ортодо чайналып, күйөөңүзгө эле кыйын болот.

Кайненеңизге сиз үчүн жолдошуңузду төрөп бергенине эле ыраазы болсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР