Кантип идеалдуу кожойке болуу керек?

Кантип идеалдуу кожойке болуу керек?
20-Сен. 2017, Шаршемби, 09:53

Ашканадагы тазалык жана иреттүүлүк - идеалдуу кожойкенин "визиттик карточкасы". Мындан тышкары идеалдуу кожойке кандай болууга тийиш?

Идеалдуу кожойке төмөнкүлөрдү билет:

  • салат жасоодо, торт жасоодо жылуу жана муздак азыктарды эч качан аралаштырбаш керек экендигин;
  • даяр тамактарды 5 С же андан төмөнкү температурада сактоо керектигин;
  • муздак тамактарды 48 сааттын ичинде пайдаланыш керектигин;
  • мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыктарды колдонбош керек экендигин.

Идеалдуу кожойкенин...

  • даяр жана чийки азыктарга колдончу бычагы эки башка болот;
  • азыктарга чымын-чиркей конбош үчүн ашканасынын терезеси тор менен тосулуу болот;
  • азык-түлүгүнүн жана тамак-ашынын үстү дайыма жабылып турат;
  • калдык салган чакасы дайыма жабылуу турат жана эч качан жагымсыз жыттанбайт;

Идеалдуу кожойке...

  • анын ашканасына бир гана ооруканадагы операция бөлмөсү атаандаш боло алат;
  • жарака кеткен чыныны, карарып кеткен тарелканы өкүнбөй дароо ыргытат;
  • ашканадагы азыктарын таракан, кумурска, чымын, чычкан менен бөлүшпөйт;
  • азык-түлүктү сарамжалдуулук менен жаңысын гана сатып алат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!