Жубайлар эмнеге окшош болушат?

Жубайлар эмнеге окшош болушат?
2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:55

Америкалык изилдөөчүлөр жубайлардын жыл өткөн сайын эмнеге бир-бирине сыртынан окшошуп калышаары тууралуу теорияга жооп издеп көрүштү. Жана адистер бул феномендин чындыгында боло тургандыгына көздөрү жеткен. Керек болсо кээде окшош болгондору ошончолук, аларды ага-карындаш деп да каласын. Изилдөөчүлөр 25 жылдан ашык убакыт бирге өмүр сүрүп келе жаткан жубайлардын сүрөттөрүн таап, аларды нике кыя электен мурда түшкөн сүрөттөрүн салыштырышкан. Натыйжасында, узак жылдар бою бирге өмүр сүргөндөн кийин, аялы күйөөсү бири-биринен айырмалангыс окшош болуп калгандыктары аныкталган. Буга кошумча, баардык учурда күйөөсү менен аялынын окшоштугуна байланыштуу бир көрүнүш байкалган: жуптар бактылуу болгон сайын алардын окшоштугу дагы да арта түшкөн.

Йель университетинин психологдорунун айтуусу боюнча, күйөөсү менен аялы өздөрү байкабай өтө көп бирин-бири туурашат экен. Өзгөчө, мындай учур адамдардын жаман адаттарынан байкалган. Мисалы, эгер аялы тамеки чегүүдөн, ичүүдөн тыйылса, жубайынын да алкоголь менен тамекиден баш тартуу ыктымалдылуугу 5 эсе арткан.

Адистердин байкоосу боюнча, эркектер менен аялдар башында өздөрүнө окшош адам менен бирге болуп, үй-булө курууга тырышышат. Ошондуктан, жубайлардын окшоштугу көп болгон сайын, алардын никелери ийгиликтүү да, бактылуу болуусу да абдан мүмкүн. Жана тескерисинче- бактылуу нике эркек менен аялды жылдар өткөн сайын, бири-бирине окшош кыла баштайт. Жакын адамдар бара-бара бири-биринин мимикасын, кылыктарын, адаттарын көчүрө башташат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!